Редакцияот 22.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин 

 

кезексиз 8- сессиясы

 

ТОКТОМ

 

2025 –жылдын “ 21 ”июлу  №8-5                                           

 

“Жер тилкесин акысыз негизде айыл өкмөтүнүн балансасына алуу жана муниципалдык менчигине бекитүү жөнүндө”

 

             Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Алиевдин жана финансы – экономикалык бөлүмдүн башчысы З.М.Аттоеванын сунушун угуп, талкуулап  Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊеши токтом кылат:

 

  1. Ананьево айылындагы идентификациялык коду – 2-03-11-1001-2064  8-Март көчөсүнүн №27 дарегинде жайгашкан Акматалиев Ногойбай Дюшекеевичтин наамына алынган  каттоо иши (регистрационное дело)  боюнча 1427,0м2 жер тилкесин акысыз негизде Акматалиев Ногойбай Дюшекеевичтин макулдугу жана өз ыктыяры менен берген кайрылуусунун негизинде  айыл өкмөтүнүн балансасына алынсын жана муниципалдык менчигине бекитилип берилсин.

 

  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы  Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Алиевке жүктөлсүн.

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

  1. Ушул токтомду каттоо жагы Мамлекеттик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ  ʏчʏн областтык Юстиция башкармалыгына Жусуп Абдрахманов айыл аймагынын жергиликтүү Кеӊешинин 21.02.2024ж.   №28/1-5-токтомунун негизинде мамлекеттик  тилде жиберилсин жана  ММКда жарыялансын.

 

 

 

Төрага                                                              А.Ш.Кыштобаев