Редакцияот 25.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊеши

 

VIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы

 

Т О К Т О М

 

2025-жылдын 22-июлу  №95

 

 

Ак-Терек айыл аймагына караштуу Ала-Баш айылынын М.Кидибаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин жер аянтынын ичинде жайгашкан эски сарай жана жарактан чыккан курулуштарды буздурууга макулдук берүү жѳнүндѳ

       

            Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Ж.Зарнаевдин кайрылуусунун негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынынсунушун угуп жана талкуулап, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:   

 

1.    Ак-Терек айыл аймагына караштуу Ала-Баш айылынын М.Кидибаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин жер аянтынын ичинде жайгашкан эски сарай жана жарактан чыккан курулуштарды буздурууга макулдук берилсин.

 

2.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл   ѳкмѳтүнүн  башчысы Зарнаев  Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.

 

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага                                                                 С. Эркинбек уулу