Редакцияот 25.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊеши

 

VIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы

 

Т О К Т О М

 

2025-жылдын 22-июлу  №98 

 

 

Ак-Терек айыл аймагына караштуу  Кѳл-Тѳр айылынын тургуну

Талипова Букен Эсенгуловнага жер участогун мыйзамдаштырууга

 уруксат  берүү жѳнүндѳ

        

                         Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кѳл-Тѳр айылынын тургуну Талипова Букен Эсенгуловнанын арызынын негизинде, жер участогун мыйзамдаштырууга уруксат  берүү  боюнча,Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:

 

1.    Кѳл-Тѳр айылынын тургуну Талипова Букен Эсенгуловнага 2003-жылы системалык каттоодон айыл ѳкмѳттүн жери болуп жаӊылыш кирип калган 2-04-03-1002-0235 коддо жайгашкан жер участогун мыйзамдаштырып токтом чыгарып берүүгѳ макулдук берилсин.

 

2.    Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

3.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл ѳкмѳтүнүн   башчысы Зарнаев  Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.

 

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага                                                     С. Эркинбек уулу