Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 18-августу № 711-т
“Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – Чек ара кызматынын директоруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен жогоруда аталган Протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
Долбоор |
2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
протокол
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Казакстан Республикасынын Өкмөтү мындан ары Тараптар деп аталып, 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашуунун 5-беренесин жетекчиликке алып, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене
Макулдашуунун тиркемесинин 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
6. | Төмөнкү-Чүй – автожол | Чүй облусу, Сокулук району | Аксу – автожол | Жамбыл облусу, Кордай району | көп тараптуу эл аралык | күнү-түнү |
”;
Макулдашуунун тиркемесинин 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“
9. | Кичи-Капка – автожол | Талас облусу, Манас району | Бесагаш – автожол | Жамбыл облусу, Жамбыл району | көп тараптуу эл аралык | күнү-түнү |
”.
2-берене
Бул Протокол Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Тараптардын аткаргандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бул Протокол Макулдашуу күчүн жоготконго чейин колдонулат.
Бишкек шаарында 2025-жылдын “______” августунда эки нускада, ар бири кыргыз, казак жана орус тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ.
Бул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келип чыккан учурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн
| Казакстан Республикасынын Өкмөтү үчүн |