Редакцияот 25.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊеши

 

VIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы

 

Т О К Т О М

 

2025-жылдын 22-июлу  №100                     

 

 

Ак-Терек айыл аймагына караштуу  Кара-Коо айылынын тургуну

Каскеева Назгүл Кадыровнага  жер участогун мыйзамдаштырууга

 уруксат  берүү жѳнүндѳ

        

                        Ак-Терек айыл аймагына караштуу Кара-Коо айылынын тургуну Каскеева Назгүл Кадыровнанын арызынын негизинде, жер участогун мыйзамдаштырууга уруксат  берүү  боюнча,Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:

 

1.    Кара-Коо айылынын тургуну Н.Каскеевага (Кара-Коо айылынан жолдошу Абдраев Ынтымак каза болгондугу тууралуу күбѳлүгү бар) 1992-жылы 0,15 га жер аянты турак жай курууга бѳлүнүп берилип, 2003-жылы  системалык каттоого айыл ѳкмѳттүн жери болуп катталып калгандыгына байланыштуу, мыйзамдаштырууга токтом чыгарып берүүгѳ  макулдук берилсин.

 

2.    Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

3.      Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл   

  ѳкмѳтүнүн   башчысы Зарнаев  Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.

 

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                    С. Эркинбек уулу