Редакцияот 25.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊеши

 

VIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы

 

Т О К Т О М

 

2025-жылдын 22-июлу  №102

 

Ак-Терек айыл аймагына караштуу, Тогуз-Булак айылындагы почта бѳлүмү  азыркы колдонулуп жаткан имаратты жери менен жаңы имарат курууга “Кыргыз Почтасы” ачык акционердик коомунун балансына Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн  балансасынан  ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ

        

                       Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Ж.Ж.Зарнаевдин кайрылуусунун негизинде, Ак-Терек айыл аймагына караштуу, Тогуз-Булак айылындагы почта бѳлүмү  азыркы колдонулуп жаткан имаратты жери менен жаңы имарат курууга “Кыргыз Почтасы” ачык акционердик коомунун балансына Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн  балансасынан  ѳткѳрүп берүүбоюнча,Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:

 

1.    Ак-Терек айыл аймагына караштуу, Тогуз-Булак айылындагы почта бѳлүмү  азыркы колдонулуп жаткан имаратты жери менен жаңы имарат курууга “Кыргыз Почтасы” ачык акционердик коомунун балансына Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн  балансасынан  ѳткѳрүп берүүгѳ макулдук берилсин.

 

2.    Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

3.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл айымагынын айыл ѳкмѳтүнүн   башчысы Зарнаев  Жыргалбек Жакшылыковичке милдеттендирилсин.

 

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Г.Ж.Сугатчиевага тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                        С. Эркинбек уулу