Редакцияот 25.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊеши

 

VIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы

 

Т О К Т О М

 

2025-жылдын 22-июлу  №105                        

 

Ак-Терек айыл аймагына караштуу Ала-Баш айылынын  “Таза Досой-Булагы” ичүүчү сууну керектѳѳчүлѳрдүн айылдык коомдук бирикмесинин сууга болгон тѳлѳмдѳрдүн баасын бекитүү жѳнүндѳ

        

                       Ак-Терек айыл аймагына караштуу Ала-Баш айылынын “Таза Досой-Булагы” ИСКАКБнин башчысы К.Турсуновдун кайрылуусунун негизинде,Ала-Баш айылындагы  “Таза Досой-Булагы” таза суусунун  тѳлѳмүн (тариф) 200 (эки жүз) сомдон бекитип берүү боюнча элдик протоколдун негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын корутундусун угуп, талкуулап, таза суунун тѳлѳмүн (тариф) бекитип берүү максатында  Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:

 

  1. Ак-Терек айыл аймагына караштуу Ала-Баш айылынын  “Таза Досой-Булагы” ичүүчү сууну керектѳѳчүлѳрдүн айылдык коомдук бирикмесинин сууга болгон тѳлѳмдѳрдүн баасын 200 (эки жүз) сомдон  бекитип берүүгѳ макулдук берилсин.

 

  1. Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

3.      Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын  Ак-Терек айыл аймагына караштуу Ала-Баш айылынын“Таза Досой-Булагы” ИСКАКБнин башчысы К.Турсуновго милдеттендирилсин.

 

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага  тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага                                                                        С. Эркинбек уулу