Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-августу № 501
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекетке материалдык зыян келтирген жана кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларды эсепке алуу, коррупцияны алдын алуунун ички системасынын иштешин камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1..Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жободо:
–.8-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
“–.мамлекетке материалдык зыян келтирген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын маалыматтар базасын жүргүзүү;
–.Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестрин түзүү, жүргүзүү, өзгөртүү жана толуктоо;”;
– 12-пунктта:
төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
“– коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүү боюнча чараларды көрбөгөндүгү үчүн жоопкерчилик тартат;”;
төмөнкүдөй мазмундагы он тогузунчу абзац менен толукталсын:
“– белгиленген тартипте кызматчыларга жана башка адамдарга “Нарктуу кызматчы”, “Нарктуу жетекчи” деген социалдык статустарды ыйгарат;”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |