Редакцияот 25.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊеши

 

VIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы

 

Т О К Т О М

 

2025-жылдын 22-июлу  №106 

 

Ак-Терек айыл аймагына караштуу Тогуз-Булак айылынын “Бай-Серен”  айылдык ичүүчү сууну керектѳѳчүлѳрдүн коомдук бирикмесинин таза сууга болгон тѳлѳмдѳрдүн баасын бекитүү жѳнүндѳ

        

                       Ак-Терек айыл аймагына караштуу Тогуз-Булак айылынын “Бай-Серен”  ИСКАКБнин башчысы Н.Насирдин уулунун кайрылуусунун негизинде,Тогуз-Булак айылынын “Бай-Серен”   таза суусунун тѳлѳмүн (тариф) 200 (эки жүз) сомдон ар бир түтүнгѳ бекитип берүү боюнча элдик протоколдун негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын корутундусун угуп, талкуулап, таза суунун тѳлѳмүн (тариф)бекитип берүү максатында  Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:

 

  1. Тогуз-Булак айылынын “Бай-Серен”  айылдык ичүүчү сууну керектѳѳчүлѳрдүн коомдук бирикмесинин таза сууга болгон тѳлѳмдѳрүн (тариф) ар бир түтүнгѳ 200 (эки жүз)  сомдон бекитүүгѳ  макулдук берилсин.

 

  1. Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

3.      Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл аймагына караштуу Тогуз-Булак айылынын “Бай-Серен”  ИСКАКБнин башчысы Н.Насирдин уулуна милдеттендирилсин.

 

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага  тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага                                                                       С. Эркинбек уулу