Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 28-июлу № 165
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 8-июлу, № 60-61) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
22-берене төмөнкүдөй мазмундагы 91-бөлүк менен толукталсын:
"91. Курсанттар (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алардын мыйзамдуу өкүлдөрү) аларды окутууга жумшалган бюджеттик каражаттарды төмөнкүдөй учурларда мамлекетке ордун толтуруп берүүгө милдеттүү:
1) окуудагы жетишпегендиги, тартипсиздиги үчүн, соттолгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билим берүү уюмунан чыгарылганда;
2) алардын демилгеси боюнча окуу мезгилинде же болбосо аскердик окуу жайын аяктаганда аскердик кызмат өтөөдөн баш тартканда.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 1-августундагы № 57 (3713) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 26-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |