Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 18-июлу № 152
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
төмөнкүдөй мазмундагы 435-1-берене менен толукталсын:
"435-1-берене. Жарандардын кайрылууларын кароо тартибин бузуу
Жарандардын кайрылууларын кабыл алуудан жана кароодон укук ченемсиз баш тартуу, аларды кароо мөөнөттөрүн бузуу, жазуу (электрондук) жүзүндө жооп бербөө, ошондой эле жарандын бузулган укуктарын калыбына келтирүүнү камсыз кылбоо түрүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жарандардын кайрылууларын кароо тартибин бузуу -
кызмат адамдарына 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.".
2-берене.
"Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2007-ж., № 5, 458-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"электрондук кайрылуу - мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кызмат адамдарынын электрондук почтасынын расмий дарегине же электрондук билдирүүлөр мамлекеттик тутуму аркылуу келип түшкөн, ушул Мыйзамдын 6-1-статьясында белгиленген тартипте каралуучу арыз ээсинин кайрылуусу;";
2) 5-статьянын 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) конституциялык, жарандык, кылмыш-жаза, административдик жана мыйзамда каралган сот өндүрүшүнүн башка түрлөрүнүн, укук бузуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген иштер боюнча өндүрүштүн, судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн тартибинде каралууга тийиш болгон кайрылуулардан;";
3) төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-статья менен толукталсын:
"5-1-статья. Кайрылууларды берүү мөөнөттөрү
1. Арыздарды жана сунуштарды берүү мөөнөт менен чектелбейт.
2. Даттануулар арыз ээлери тарабынан алардын укуктарынын, эркиндиктеринин жана (же) мыйзамдуу кызыкчылыктарынын бузулгандыгы жөнүндө алар билген же билүүгө тийиш болгон күндөн тартып бир жылдын ичинде берилиши мүмкүн.
Эгерде ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөт жүйөлүү себеп (катуу оору, майыптык, иш сапар ж.б.) боюнча өтүп кетсе, анын бар экендиги арыз ээси тарабынан берилген тиешелүү документтер менен тастыкталса, бул мөөнөт мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин чечими боюнча калыбына келтирилүүгө тийиш жана даттануу ушул Мыйзамда белгиленген тартипте каралат.";
4) 6-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-8-бөлүктөр менен толукталсын:
"3. Кайрылуучулардын өкүлдөрү аркылуу берилген кайрылууларга алардын ыйгарым укуктарын тастыктаган документтер тиркелет.
4. Кайрылууларда бул маалыматты тастыктаган документтерди (бар болсо) тиркөө менен алардын мурдагы каралышынын натыйжалары жөнүндө маалыматтар камтылууга тийиш.
5. Кайрылуу компетенциясына кайрылууда коюлган маселелерди чечүү кирген субъектке же кызмат адамына даректелүүгө тийиш.
6. Кайрылуу кайрылуучунун укуктарын жана кызыкчылыктарын түздөн-түз козгоого же болбосо коомдук кызыкчылыктар чөйрөсүнө кирүүгө тийиш.
7. Даттанууну берүүдө субъекттин аталышы же аракеттерине даттанылып жаткан кызмат адамынын фамилиясы жана инициалдары, кызмат орду, кайрылуунун мотивдери жана талаптары көрсөтүлөт.
8. Кайра кайрылуулар кайрылуучуга мурда белгилүү болбогон жаңы жагдайларды милдеттүү түрдө камтууга тийиш.";
5) 6-1-статьяда:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жарандардын электрондук кайрылууларын кабыл алуу электрондук билдирүүлөр мамлекеттик тутуму, башка маалыматтык тутум, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын расмий сайты жана электрондук почтасынын расмий дареги аркылуу жүзөгө ашырылат.";
б) 4-бөлүктүн экинчи сүйлөмү алып салынсын;
в) 6-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик тутуму, башка маалыматтык тутум, расмий сайт жана электрондук почтанын расмий дареги аркылуу келип түшкөн электрондук кайрылуулар белгиленген тартипте каралууга тийиш. Кайрылууга электрондук жооп электрондук документ жүгүртүү тутумунда түзүлөт, электрондук колтамга коюлат жана мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий электрондук почтасы аркылуу жаранга кайрылууда көрсөтүлгөн электрондук дарегине жөнөтүлөт.
Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик тутуму аркылуу келип түшкөн электрондук кайрылуулар автоматтык режимде катталат жана белгиленген тартипте каралат жана порталда жайгаштырылган электрондук документ жүгүртүү тутуму аркылуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары тарабынан жооп берилет.";
г) 7-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) ушул Мыйзамдын 6-статьясынын 2-7-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келбегендерди.";
6) 10-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"10-статья. Кайра кайрылуулар
1. Жаңы ачылган жагдайлар (б.а. кайрылуу берилген учурда арыздануучуга белгисиз болгон жана белгилүү болушу мүмкүн болбогон жагдайлар) болбогон кайра кайрылуулар (оозеки, жазуу жүзүндөгү же электрондук) каралууга тийиш эмес. Жаңы ачылган жагдайлар ушул Мыйзамда каралган тартипте каралууга тийиш.
2. Эгерде жаран кайрылууну кароонун жыйынтыгы боюнча алынган чечимге канааттанбаса, ал чечимге соттук тартипте даттанууга укуктуу.
3. Алгачкы кароодо кайрылуучунун психикалык оору менен ооругандыгы аныкталган жана документтер менен тастыкталган кайра кайрылуу каралууга тийиш эмес.
4. Кайра кайрылуу ушул Мыйзамдын 6-статьясында көрсөтүлгөн талаптарга ылайык келүүгө тийиш.";
7) 12-статьяда:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кайрылууну кароо компетенциясына кирген мамлекеттик бийлик органынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси же кызмат адамы төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу мамлекеттик башка органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын же башка кызмат адамынын кароосуна жөнөтүлгөндө зарыл болгон учурда аталган органдардан же кызмат адамынан жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууну кароонун жыйынтыгы жөнүндө документтерди жана материалдарды суратып алууга;
2) калкка, эмгек жамааттарына жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарандардын кайрылуулары менен иштөөнүн абалы жөнүндө маалымат берүүгө;
3) төмөнкү учурларда кайрылууну анда коюлган маселелердин маңызы боюнча кароосуз калтырууга жана бул жөнүндө кайрылууну жиберген жаранга билдирүүгө, эгерде:
- кайрылуу конституциялык, жарандык, кылмыш-жаза, административдик жана мыйзамда каралган сот өндүрүшүнүн башка түрлөрүнүн, укук бузуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген иштер боюнча өндүрүштүн тартибинде каралууга тийиш болсо;
- кайрылуу судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу жөнүндө иштер боюнча өндүрүш тартибинде каралууга тийиш болсо;
- жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууда уят-сыйытсыз же болбосо мазактаган сөздөр, кызмат адамынын, ошондой эле анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө коркунуч камтылса;
- жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылууда маселенин маңызы баяндалбаса;
- жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу ушул Мыйзамдын 6 жана 6-1-статьяларында көрсөтүлгөн жазуу жүзүндөгү кайрылууга коюлуучу талаптарга ылайык келбесе;
4) кайрылууну кароону токтотууга:
- эгерде кайрылуучу белгиленген тартипте өзүнүн кайрылуусун чакыртып алса же аны кароону токтотуу жөнүндө өтүнүч келтирсе;
- жашаган жеринин, турган жеринин (почта дарегинин), электрондук почтанын дарегинин же башка реквизиттеринин өзгөрүүлөрү жөнүндө өз убагында маалымдалбагандыгына байланыштуу чакырууга мүмкүн болбогон кайрылуучунун катышуусуз кайрылууну кароо мүмкүнчүлүгү болбогондо;
- эгерде кайра кайрылууларда жаңы ачылган жагдайлар келтирилбесе;
- анын катышуусуз кайрылууну кароо мүмкүн эместигине байланыштуу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же алардын кызмат адамы тарабынан чакырылган кайрылуучу келбей калган учурда.
Кат алышуусу токтотулган кайрылуучудан кайра кайрылуу келип түшкөн же болбосо чакырылып жаткан жеке жак же юридикалык жактын өкүлү келбей калган учурда мындай кайрылууну кароо бул жөнүндө кайрылуучуга кабарлабастан токтотулат.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3 жана 4-бөлүктөр менен толукталсын:
"3. Эгерде ар кандай арыз ээлеринен ушундай эле мазмундагы келип түшкөн кайрылуулар массалык мүнөздө болсо (ондон ашык кайрылуу), мындай кайрылууларга жооптор мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин чечими боюнча уюмдун расмий сайтына жайгаштырылышы мүмкүн, бул жөнүндө арыз ээлерине тиешелүү кабарлоо жиберилет.
4. Уюмдун расмий сайтына жайгаштырылгандан кийин ушундай мазмундагы кийинки кайрылуулар каралууга тийиш эмес жана аларга жооптор (кабарлоолор) арыз ээлерине жиберилбейт.";
8) 13-статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "Кайрылуунун" деген сөз "Кайрылууну кароонун" деген сөздөргө алмаштырылсын;
9) 14-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Жарандын жалаа жабуу мүнөздөгү материалдарды, башка адамдардын ар-намысын жана кадыр-баркын кордогон жана ишкердик беделине шек келтирген сөздөрдү камтыган кайрылууну берүүсү Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жоопкерчилик же болбосо Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга алып келет.";
10) 16-статьянын биринчи абзацында "статс-катчысына же" деген сөздөр алып салынсын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 18-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |