Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 14-августу ПЖ № 237
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого, ардак наамдарын ыйгарууга жана мамлекеттик сый акыларын берүүгө мораторий киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. 2026-жылдын 1-январына чейинки мөөнөткө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого (сыйлоого сунуштарды киргизүүгө), ардак наамдарын ыйгарууга жана мамлекеттик сый акыларын берүүгө мораторий киргизилсин.
2. Мораторий мезгилинде өзгөчө учурларда мамлекетке жана коомго сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо, ардак наамдарды ыйгаруу жана мамлекеттик сый акыларды берүү маселеси белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси боюнча гана каралышы мүмкүн деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү ушул Жарлыктын 2-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, мораторий убагында сыйлоо материалдарын кабыл алууну жана кароону токтото турсун.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги эки айлык мөөнөттө колдонуудагы мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жана мамлекеттик сый акыларын берүү практикасына комплекстүү талдоо жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына бул чөйрөнү жөнгө салуучу мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча тиешелүү чечимдердин долбоорлорун киргизсин.
5. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |