Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 20-ноябры № 2561-VII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Козуев Алишер Абибиллаевичти Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Козуев Алишер Абибиллаевич Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлансын.
2. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2022-жылдын 13-январындагы № 17-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пункттун 5-пунктчасында:
1) төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
2) төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"Козуев Алишер Абибиллаевич - "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынан;".
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
| Н.А. Азыгалиев |