Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 5-декабры № 2599-VII
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна Р.А.Сабировду дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, 80-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктун жана 90-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацын, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 6-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 4-декабрындагы ПЖ № 340 Жарлыгын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна Сабиров Равшанбек Азатовичти дайындоого макулдук берилсин.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| Н.Т. Шакиев |