Редакцияот 26.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊеши

 

VIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы

 

Т О К Т О М

 

2025-жылдын 22-июлу  №111 

 

Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнѳ республикалык бюджеттен келген акча каражатын

 кароо жѳнүндѳ

        

                       Ак-Терек айыл аймагынын ѳкмѳтүнѳ республикалык бюджеттен келген акча каражатын  кароо жѳнүндѳгү маселе боюнча, Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн социалдык экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевдин билдирүүсүн угуп жана Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын чечимин угуп, талкуулап Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:

 

  1. Ак-Терек айыл өкмөтүнө 2025-жылы республикалык бюджеттен Комсомол айылынын борбордук көчөсүн асфальттоого келген 18384924 сомдун 17944224 сомун ЖКХнын 3111 беренесине, 440700 сомун 2215 беренесине каралсын.

 

  1. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл ѳкмѳтүнүн социалдык      экономикалык ѳнүктүрүү бѳлүмүнүн башчысы К.Абдыраевга милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                       С. Эркинбек уулу