Редакцияот 12.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2024-жылдын 12-январы №1/1

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүнүн негизинде Орок атындагы айыл аймагы  Бишкек шаарынын курамына кирүү жөнүндө

 

        Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин жана «Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинин негизинде Орок айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын 1 кезексиз сессиясы,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сокулук районунун Орок атындагы айыл аймагы  Бишкек шаарынын курамына кирүү маселеси колдоого алынсын.

  2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө Мыйзамына ылайык www. gagsmsu@gmail.com сайтына жарыялансын.

 

3. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

4. Бул токтомдун аткарылышы Орок айыл өкмөтүнүн башчысы З.М.Ысакуловго  жүктөлсүн.

 

 

 

Орок айылдык кеңешинин

төрагасы

 

 

У. Бекболотов