Редакцияот 26.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Ак-Терек  айыл аймагынын жергиликтүү  кеӊеши

 

VIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясы

 

Т О К Т О М

 

2025-жылдын 22-июлу  №116

 

Ак-Терек айыл аймагына караштуу Коӊур-Ѳлѳӊ айылынын тургундарына таза сууга (счетчик) суу эсептегичти койбогондорго 1000 (бир миӊ) сомдон бекитүү жѳнүндѳ

        

             Ак-Терек айыл аймагына караштуу Коӊур-Ѳлѳӊ айылынын “Ат-Жайлоо” айылдык ичүүчү суу керектѳѳчүлѳрдүн коомдук бирикмесинин башчысы А.Намазбекованын кайрылуусунун негизинде,Коӊур-Ѳлѳӊ айылынын тургундарына таза сууга (счетчик) суу эсептегичти койбогондорго таза сууга тѳлѳѳ акысы 1000 (бир миӊ) сомдон бир айга бекитип берүү боюнча элдик протоколдун негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын корутундусун угуп, талкуулап, таза суунун тѳлѳмүн (тариф) бекитип берүү максатында  Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү Кеңеши токтом кылат:

 

  1. Коӊур-Ѳлѳӊ айылынын тургундарына таза сууга (счетчик) суу эсептегичти койбогондорго таза сууга1000 (бир миӊ) сомдон бир айга тѳлѳѳ акысы бекитилсин.

 

  1. Бул токтом каттоого алынып Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестрине киргизүү үчүн Ысык-Көл областтык Юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

3.      Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл аймагына караштуу Коӊур-Ѳлѳӊайылынын “Ат-Жайлоо” айылдык ичүүчү суу керектѳѳчүлѳрдүн коомдук бирикмесинин башчысы А.Намазбековага милдеттендирилсин.

 

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешининбюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуукомиссиянын төрайымы Т.Ормуковага  тапшырылсын.

 

 

 

 

Төрага                                                                           С. Эркинбек уулу