Загрузка документа…
ОРОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 19-январы №2/2
Орок айыл округунун 2024-жылга бюджетин бекитүү жана 2025-2026-жылдарга долбоор жөнүндө. 2024-жылга 01-январына чыгашалардан ашыкча кирешелерди бөлүштүрүү жана бекитүү
Орок айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында 2024-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө Орок айыл өкмөтүнүн башчысы З.М.Ысакуловтун жана бюджеттик комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2,3-пункттарын жетекчиликке алып, Орок айылдык кеңеши:
Токтом кылат:
1. Орок айыл округунун 2024-жылга бюджети киреше жагынан 21385,1мин сом суммасында № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (атайын эсепти эсепке алуу менен 3200,0 миң сом суммасында).
2. Орок айыл округунун 2024-жылга бюджети чыгаша бөлүгүндө 21385,1миң сом, № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин. (атайын эсепти эсепке алуу менен 3200,0 миң сом суммасында).
3. Атайын эсепти эске алуу менен 2025-2026-жылдарга долбоор № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин. (2025-жылга -23136,2 миң сом, 2026-жылга -24991,2миң сом).
4. 2024-жылга чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча ишке ашырылсын (эмгек акы, социалдык фондго жана коммуналдык кызматтарга чегерүү, көмүр).
5. 2024-жылга бюджетте каралган ассигнованиелердин чегинде айрым топтор боюнча 2023-жылы жергиликтүү бюджеттин аз каржыланган чыгашаларынын ордун толтуруу. Ошону менен бирге эмгек акыга жана социалдык фондго чыгымдар биринчи кезекте компенсацияланууга тийиш.
6. 2024-жылдын 1-январына карата жүгүртүү кассалык балансы бекитилсин 30,0 миң сом
7. Атайын каражаттардын сметасында бекитилген суммадан ашыкча алынган кирешелер толугу менен жергиликтүү бюджеттин карамагында калсын.
8.Бюджеттин киреше бөлүгү ашыкча аткарылган учурда, бул бөлүгү Орок айыл өкмөтүнүн аймагында өткөрүлүүчү социалдык-маданий иш-чараларды каржылоого жумшалсын.
9. Айыл өкмөтүнүн аппаратынын, айылдык кенештин жооптуу катчысынын жана китепканачынын штаттык саны бекитилсин.
10. 2024-жылдын 1-январына карата бюджеттик эсеп боюнча - 43047,1 миң сом суммасында чыгашалардан ашыкча кирешелер (эркин калдык) бекитилсин жана - 43047,1 миң сом №4 тиркемеге ылайык бюджеттик эсепке бөлүштүрүлсүн.
11. Республикалык бюджеттен берилген ыйгарым укуктар боюнча акча каражаттарын өз багыты боюнча пайдалансын.
12. Өндүрүшкө байланыштуу айыл округунун башчысына бюджет жана атайын эсеп боюнча бөлүмдөрдүн чегинде беренеден беренеге өзгөртүү, толуктоо жана акча каражаттарынын кыймылын киргизүүгө укук берилсин.
13. Орок айыл өкмөтүнүн 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүгүү планы бекитилсин.
14. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө мыйзамына ылайык www. gagsmsu@gmail.com сайтына жарыялансын.
Орок айылдык кеңешинин төрагасы |
|
У. Бекболотов |