Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-февралы № 24/IV
«Жайылма айыл аймагынын Жайылма айыл өкмөтү мекемесинин уставын бекитүү жөнүндө»
Айыл өкмөтүнүн башчысы М.Т. Джолдошевдин «Жайылма айыл аймагынын Жайылма айыл өкмөтү мекемесинин уставын бекитүү жөнүндө» маалыматын угуп, талкуулап, пикир алмашып:
Жайылма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2. Жайылма айыл аймагынын Жайылма айыл өкмөтү мекемесинин уставы бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы А.Асанбековго жүктөлсүн.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
|
К.М. Жонгучкаев |
|
|
|
Тиркеме |
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун «Жайылма айыл аймагынын Жайылма айыл өкмөтү » мекемесинин
УСТАВЫ
Жалпы жоболор
1.1. Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Жайылма айыл аймагынын "Жайылма айыл өкмөтү" мекемеси (мындан ары-Айыл өкмөтү) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушун жана турмуш-тиричилигин камсыздоо иштерин башкарууну ишке ашыруучу Жайылма айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органы болуп саналат.
1.2. Өзүнүн уюштуруу-укуктук формасы боюнча оперативдүү башкаруу укугундагы мекеме болуп саналат.
1.3. Мекеме "Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл округунун Логвиненко айыл өкмөтү" жана Туз айыл округунун Туз айыл өкмөтүнүн мекемесинин укуктарынын жана милдеттеринин укуктук мураскери болуп саналат. "Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Логвиненко айыл округунун Логвиненко айыл өкмөтү" жана “Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Туз айыл округунун Туз айыл өкмөтүнүн” мекемеси тарабынан мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө күбөлүк Чүй облусунун юстиция башкармалыгы тарабынан берилген № 109334-3308-М-е, серия ГПЮ, 12-декабрь 2009-ж. №0008589 жана серия ГПР №110828-3308 М-е 20-февраль2010-ж;
1.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын расмий аталышы:
- Мамлекеттик тилде – “Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Жайылма айыл аймагынын Жайылма айыл өкмөтү” мекеме;
-Расмий тилде – Учреждение “Жайылма айыл окмоту айылного аймака Жайылма Ысык- Атинского района Чуйской области”;
1.5. Айыл өкмөтүнүн жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Новопокровкаайылы, Ленинкөчөсү, 80.
1.6. Айыл өкмөтүнүн уюштуруучусу болуп Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Жайылмаайылдык кеңеши эсептелет.
1.7. Айыл өкмөтү өз ишин төмөнкү принциптерде жүзөгө ашырат:
1) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-милдеттери менен ыйгарым укуктары;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдындагы ачыктыгынын жана жоопкерчилигинин жана алардын өз функцияларын жергиликтүү жамааттын кызыкчылыгында жүзөгө ашыруусунун;
3) мыйзамдуулуктун жана социалдык адилеттүүлүктүн;
4) жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тутуму аркылуу, ошондой эле жарандардын жыйындары (чогулуштары) жана курултайлары аркылуу эркин билдирүүсү;
5) жергиликтүү жамааттардын укуктарын жана мыйзам менен корголуучу таламдарын коргоо;
6) ачык-айкындуулук жана коомдук пикирди эске алуу;
7) тиешелүү маселелерди чечүүдө коллегиялуулук, эркин талкуулоо;
8) өз компетенциясынын маселелерин чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көз карандысыздыгы;
9) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актыларга туруктуу негизде мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;
10) өзүн-өзү камсыз кылуу, өзүн-өзү жөнгө салуу жана өзүн-өзү каржылоо.
2. Укуктук статусу
2.1. Айыл өкмөтү өз алдынча балансы, мөөрү, Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка эсептери бар юридикалык жак болуп саналат. Өзүнүн атынан келишим түзүүгө, өзүнө берилген ыйгарым укуктарга ылайык мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, соттордо доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
2.2. Айыл өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу маселелери боюнча Жайылма айылдык кеңешине, ал эми берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча - тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик бийлик органдарына отчет берет.
2.3. Айыл өкмөтү жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу жана ыкчам чечүүнү камсыз кылуу, ошондой эле өз аймагынын чегинде экономикалык өнүгүүгө дем берүү максатында муниципалдык ишканаларды жана коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө, ошондой эле акционердик коомдорго катышууга укуктуу.
2.4. Айыл өкмөтү мыйзамдарга ылайык мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын гана компетенциясына кирген ыйгарым укуктардан тышкары, айрым ыйгарым укуктарды муниципалдык ишканаларга, коммерциялык эмес уюмдарга өткөрүп берүүгө укуктуу.
2.5. Муниципалдык ишканалар жана коммерциялык эмес уюмдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдети болуп саналган кызматтарды көрсөтүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлөт.
3.Айыл өкмөтүнүн максаттары жана милдеттери
3.1. Айыл Өкмөтүнүн ишинин негизги максаты аймактын жашоо-турмушун камсыз кылуу тутумунун иштешин жана өнүгүшүн уюштуруу, социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүү болуп саналат.
3.2. Коюлган максаттарга жетүү үчүн айыл өкмөтү жергиликтүү маанидеги төмөнкү маселелерге ылайык иш жүргүзөт:
3.2.1. Тиешелүү аймактын экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу;
3.2.2. муниципалдык менчикти башкаруу;
3.2.3. жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;
3.2.4. калкты ичүүчү суу менен камсыздоо;
3.2.5. калктуу конуштарда канализация жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу;
3.2.6. калктуу конуштарда муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;
3.2.7. жалпы пайдалануудагы жерлерди жарыктандырууну уюштуруу;
3.2.8. көрүстөндөрдүн иштешин камсыз кылуу жана сөөк коюу кызматтарын көрсөтүү;
3.2.9. коомдук жайларды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;
3.2.10. парктардын, спорттук курулмалардын жана эс алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу, бош убакытты уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
3.2.11. турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып чыгууну жана утилдештирүүнү уюштуруу;
3.2.12. муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чектеринде коомдук транспорттун ишин жөнгө салуу;
3.2.13. жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагындагы контроль;
3.2.14. жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
3.2.15. жерди пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуранын ченемдерин жана эрежелерин сактоону камсыз кылуу;
3.2.16. мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты жайгаштыруу;
3.2.17. коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү;
3.2.18. элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
3.2.19. балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
3.2.20. дене тарбия жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
3.2.21. өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү;
3.2.22. мыйзамдарда белгиленген тартипте үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча чаралардын комплексин жүзөгө ашыруу;
3.2.23. жазык-аткаруу мыйзамдарына ылайык соттолгондорду кайра социалдаштырууга жана аларга социалдык жардам көрсөтүүгө багытталган эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды жана жазыктык-укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын уюштуруу жана аткаруу;
3.2.24. ветеринардык-санитардык жана карантиндик-чектөө чараларын өз убагында жүргүзүүнү камсыз кылууга көмөк көрсөтүү.
3.3. Алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн айыл өкмөтү кошумча функциялар жана ыйгарым укуктар менен иш чараларды жүзөгө ашырат:
3.3.1. Чакан жана орто бизнести колдоо , тышкы жана ички инвестицияларды тартуу, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү максатында муниципалдык жеке өнөктөштүк долбоорлорду издөө:
3.3.2. Мамлекеттик жайыт жерлеринин инфраструктурасын пайдалануу жана күтүү боюнча иштерди жүргүзүү:
3.3.3.Сугат жерлерге ээлик кылган жана пайдалануучу жактарга келишимдик шарттарды түзүү, сууну эксплуатациялоо, күтүү жана бөлүштүрүү. Ичүүчү суу менен камсыздоо тутумдарын комплекстүү тейлөө жана өнүктүрүү, жайыттарды натыйжалуу башкаруу, калктуу конуштардын тазалыгын камсыз кылуу үчүн муниципалдык ишканаларды түзүү:
3.3.4. Архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлеккеттик орган менен бирдикте айрым калктуу конуштардын аймагын өнүктүрүүнүн башкы планын иштеп чыгуу:
3.3.5. Өз ишин жүзөгө ашырууда адам ресурстарын башкаруунун маалыматтык (автоматташтырылган) системасын колдонуу.
4. Айыл өкмөттөрүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар берилиши мүмкүн.
4.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү мыйзамдын же келишимдин негизинде бир эле учурда өткөрүлүп берилүүчү ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун шарттарын зарыл материалдык жана финансылык каражаттар менен мамлекеттик камсыз кылуунун тартибин белгилөө менен жүзөгө ашырылат.
4.2. Мамлекеттик бийлик органдары менен Айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишимдин негизинде мамлекеттик ыйгарым укуктар өткөрүлүп берилген учурда келишимдин шарттары тиешелүү жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилүүгө тийиш.
4.3. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүгө мамлекет мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен бир убакта республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерди караган же берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон каржылоонун башка булактарын аныктаган учурларда гана жол берилет.
5. Айыл өкмөтүнүн ишинин уюштуруучулук-укуктук негиздери
5.1. Айыл өкмөтү-айыл аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы.
5.2. Айыл өкмөтүнүн түзүмү жана штаттык жүгүртмөсү Министрлер Кабинети бекиткен типтүү түзүмдүн жана штаттык негизинде айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан бекитилет.
5.3. Айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын ишке ашырууда, шайлоочулардын алдында отчетторду даярдоодо жана өткөрүүдө көмөк көрсөтөт.
5.4. Айыл өкмөтү өз ишинде айылдык кеңешке, ал эми берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча - мамлекеттик бийликтин тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарына отчет берет.
5.5. Актыларды (чечимдерди) айыл өкмөтүнүн атынан токтом жана буйрук формасында айыл өкмөтүнүн башчысы чыгарат, эгерде актылардын өзүндө башкача каралбаса, алар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
5.6. Токтомдор Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жана аларды аткаруу максатында чыгарылат. Буйруктар ыкчам, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча чыгарылат. Чыгарылган актылар өзгөртүлүшү, толукталышы, жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
5.7. Документтер менен иштөөнү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн аппаратындагы ишти документтик жактан камсыз кылуу боюнча эрежелер архив мыйзамдарынын жана документтик иш кагаздарын жүргүзүү боюнча мыйзамдардын негизинде айыл өкмөтүнүн Регламенти менен белгиленет.
6. Айыл өкмөтүнүн компетенциясы
Айыл өкмөтү:
6.1. аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууга жана жергиликтүү кеңештин бекитүүсүнө берүүгө катышат жана айылдык кеңеш бекиткенден кийин алардын аткарылышын камсыз кылат, ошондой эле аларды расмий сайтка жарыялайт жана (же) жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталуучу атайын жерлерге (такталарга, такталарга) жайгаштырат;
6.2. жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгат жана аны айылдык кеңеш бекиткенден кийин аткарат;
6.3. тарых, архитектура жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
6.4. жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;
6.5. турак жай фондун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана аймакты абаттоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;
6.6. муниципалдык ишканаларды менчиктештирүүнү жана айыл өкмөтүнүн балансына социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык багыттагы объекттерди жана алардын иштешине зарыл болгон жабдууларды өткөрүп берүүнү ишке ашырат;
6.7. аймакты куруунун башкы планын иштеп чыгат жана ишке ашырат, архитектуранын жана шаар куруунун нормалары менен эрежелеринин сакталышына контролду жүзөгө ашырат;
6.8. табигый кырсыктардын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана болтурбоо, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-практикалык иш-чараларды жүзөгө ашырат;
6.9. мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жана ишке ашырууну жүзөгө ашырат;
6.10. мыйзамдарда белгиленген тартипте айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкарат;
6.11. мыйзамдарга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
7. Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары
Айыл өкмөт башчысы:
7.1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин актыларынын, Жогорку Кеңештин чечимдеринин сакталышын жана аткарылышын уюштурат;
7.2. айыл өкмөтүнүн ишине жетекчилик кылат жана анын жыйынтыгы үчүн жоопкерчилик тартат;
7.3. аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун колдонуудагы программаларынын жолун жолдоочулугун камсыз кылат же жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча кызматка киришкен учурдан тартып 3 айдан кечиктирбестен социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылат жана айылдык кеңешке бекитүүгө берет;
7.4. айылдык кеңешке жергиликтүү бюджеттин долбоорун берет, жарым жылда бир жолу Кеңештин алдында айылдык аймактагы иштердин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүү программаларынын аткарылышы жөнүндө отчет берет;
7.5. берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай аткарылышын уюштуруу үчүн акимдин алдында жеке жоопкерчилик тартат;
7.6. мыйзамдарга ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча сунуштарды айылдык кеңешке киргизет;
7.7. мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери өздөрүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда аларды кызмат ордунан бошотуу жөнүндө маселе коюуга укуктуу;
7.8. мыйзамдарга ылайык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын-жооптуу катчыны, айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
7.9. муниципалдык ишканалардын жетекчилерин, ошондой эле жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан каржылануучу, маданият үйлөрүн, китепканаларды, музейлерди, спорттук комплекстерди тейлеген мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
7.10. айылдык кеңештин карамагына тиешелүү маселелерди кошпогондо, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;
7.11. айылдык кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндө сунуштарды киргизет, анын ишине катышат;
7.12. аймактык жана / же ведомстволук структуралык подразделениелерди түзүүгө укуктуу;
7.13. Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында аныкталган тартипте жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен айылдык аймактын инвестициялык долбоорлорун, социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларын иштеп чыгуу үчүн тиешелүү адистердин кызматынан пайдаланууга.
7.14. анын өкүлү катары жергиликтүү жамааттын кызыкчылыгында мамлекеттик органдар жана башка мекемелер, уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө укуктуу.
7.15. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
8. Айыл өкмөт башчысынын орун басары-жооптуу катчы
8.1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан дайындалат.
8.2. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы ал жок болгон учурда айыл өкмөтүнүн башчысын алмаштырат жана айыл өкмөтүнүн башчысы жүктөгөн милдеттерди аткарат.
8.3. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы өзү аткарган функциялар үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын алдында жооп берет.
9. Айыл башчысы
9.1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын чечими менен жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам чечүүнү уюштуруу максатында өзүнчө жайгашкан калктуу конуштарда айыл башчысынын кызмат орду киргизилиши мүмкүн.
9.2. Айыл башчысы калктуу конуштун аймактык өзгөчөлүктөрүнө, белгиленген үрп-адаттарга жана каада-салттарга негизденүү менен Айыл өкмөтүнүн чечими менен ага берилген милдеттерди жана функцияларды аткарат.
9.3. Айыл башчысы айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан айыл башчысынын (айыл старостасынын) эмгек келишиминин (контрактынын) негизинде ишке алынышы мүмкүн.
10. Талаштардын жоопкерчилиги жана чечилиши
10.1. Ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар Айыл өкмөтүнүн мүлкүнө келтирилген зыян үчүн айыл өкмөтүнүн алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат.
10.2. Айыл өкмөтүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо сот тартибинде ишке ашырылат.
11.Айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык негиздери
11.1. Айыл өкмөтүнүн финансылык негизин мыйзамдар менен жергиликтүү бюджеттерге бекитилген кирешелердин салыктык жана салыктык эмес булактары, муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер, ссудалар жана башка финансылык ресурстар түзөт.
11.2. Айыл өкмөтүнүн экономикалык негизин кыймылсыз жана кыймылдуу муниципалдык мүлк, баалуу кагаздар, мыйзамдарда белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун карамагына берилген жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү жамааттын кызыкчылыктарын жана керектөөлөрүн канааттандыруу үчүн алардын аймагынын чектеринде пайдаланылуучу жерлер, жарандык укуктардын башка объекттери, ошондой эле тиешелүү аймакта иш жүргүзгөн ишканалар, уюмдар жана мекемелер түзөт.
11.3. Айыл өкмөтүнүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары, юридикалык жана жеке жактар менен финансылык жана экономикалык мамилелери, ошондой эле жергиликтүү бюджетти жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттен тышкаркы фонддорун түзүүнүн жана аткаруунун тартиби жана принциптери мыйзамдар менен жөнгө салынат.
12. Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги
12.1. Жеке менчик, мамлекеттин, ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин же мыйзам менен аныкталган башка менчик ээлеринин менчиги болбогон бардык мүлктөр, анын ичинде Айыл өкмөтүнүн чек араларындагы жер тилкелери жана жаратылыш объекттери айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турат.
12.2. Муниципалдык менчик жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнө оперативдүү башкаруу жана чарба жүргүзүү укугунда өткөрүлүп берилет.
12.3. Жалпы пайдалануудагы жерлер: аянттар, көчөлөр, өтмөктөр, жолдор, жер алдындагы өткөөлдөр, тротуарлар, суу жээктери, парктар, токой парктары, коруктар, скверлер, бакчалар, бульварлар, көлмөлөр, жаратылыш, тарых жана маданият эстеликтери, ошондой эле ден соолукту чыңдоочу жана тарыхый-маданий багыттагы объекттер айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу боюнча кеңеш тарабынан бекитилген тизмеге ылайык калктын кенчи болуп саналат жана эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, ээликтен ажыратылбайт.
12.4. Айыл өкмөтүнүн кыймылсыз муниципалдык мүлкү Кыймылсыз мүлк объекттеринин бирдиктүү мамлекеттик реестринде объективдүү катталууга тийиш.
13. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык ишканаларды жана коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө, ошондой эле акционердик коомдорго катышууга укуктары
13.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү маанидеги маселелерди натыйжалуу жана ыкчам чечүүнү камсыз кылуу, ошондой эле өз аймагынын чектеринде экономикалык өнүгүүнү стимулдаштыруу максатында муниципалдык ишканаларды жана коммерциялык эмес уюмдарды түзүүгө, ошондой эле акционердик коомдорго катышууга укуктуу.
13.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамдарга ылайык мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын гана компетенциясына кирген ыйгарым укуктардан тышкары, айрым ыйгарым укуктарды муниципалдык ишканаларга, коммерциялык эмес уюмдарга өткөрүп берүүгө укуктуу.
13.3. Муниципалдык ишканалар жана коммерциялык эмес уюмдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдети болуп саналган кызматтарды көрсөтүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан түзүлөт.
14. Айыл өкмөтүнүн актыларынын милдеттүүлүгү.
14.1. Айыл өкмөтү өз ишин ошол аймактагы калктын атынан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүзөгө ашырат.
14.2. Айыл өкмөтүнүн, курултайлардын, жарандардын жыйындарынын (чогулуштарынын), аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбөөгө тийиш.
14.3. Айыл өкмөтү мыйзамдар менен башка органдардын карамагына таандык маселелерди кароого кабыл алууга укуксуз.
14.4. Айыл Өкмөтүнүн чечимдерин аткарбагандыгы үчүн кызмат адамдары жана жарандар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат.
15. Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кабыл алуунун жана киргизүүнүн тартиби
15.1. Айыл өкмөтүнүн Уставы, ошондой эле ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин сунушу боюнча кеңеш тарабынан кабыл алынат.
15.2. Айыл өкмөтүнүн Уставы, ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор кеңеш тарабынан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
15.3. Айыл өкмөтүнүн уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор же жаңы редакциядагы Устав юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет.