ЖарлыкКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 25-августу ПЖ № 244 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 364 «Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку кол башчылык курамы жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы

Редакция25.08.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2025-жылдын 25-августу ПЖ № 244

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 364 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку кол башчылык курамы жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 8-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 364 “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку кол башчылык курамы жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

– 1-пунктта:

алтынчы абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“– Кыргыз Республикасынын коргоо министринин орун басарлары.”;

жетинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров