Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-августу № 498
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 334 “Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңешин түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Калкты биринчи керектелүүчү азык-түлүк товарлары менен камсыз кылуу максатында, “Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3, 8-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 334 “Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш боюнча кеңешин түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2-тиркемесинде:
– 7-пункттун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
– 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“12. Кеңештин мүчөлөрү Кеңештин жыйналыштарына жеке катышат. Жыйналышка катышуу мүмкүн болбогон учурда Кеңештин мүчөлөрү бул жөнүндө Кеңештин төрагасына маалымдайт.
Кеңештин жыйналыштары Кеңештин төрагалык кылуучусу жана мүчөлөрү, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан санариптик платформаларды пайдалануу менен онлайн режимде өткөрүлүшү мүмкүн.
Кеңештин кезексиз жыйналыштары Кеңештин төрагасынын чечими боюнча өткөрүлөт.
Азык-түлүк коопсуздугун жана тамактанууну камсыз кылуу боюнча оперативдүү чараларды көрүү максатында Кеңештин жыйналыштары аралык (онлайн) режиминде өткөрүлүшү мүмкүн жана Кеңештин жыйналышында кабыл алынган чечимдер сурамжылоо жолу менен макулдашылат.”;
3) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 3-тиркемесинде:
– биринчи абзацта “РСК Банк” деген сөздөр “Элдик Банк” деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий гезитинин 2025-жылдын 22-августундагы № 63 (3719) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
Тиркеме
“1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана
тамак-аш боюнча кеңешинин
курамы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри – Кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри – Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары – Кеңештин төрагасынын орун басары;
Кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын финансы министри, министр жок учурда министрдин орун басарлары;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри, министр жок учурда министрдин орун басарлары;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри, министр жок учурда министрдин орун басарлары;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, министр жок учурда министрдин орун басарлары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басарлары;
Кыргыз Республикасынын Статистика боюнча кеңешинин төрагасы, төрага жок учурда төраганын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы, төрага жок учурда төраганын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы, төрага жок учурда төраганын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы, төрага жок учурда төраганын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын башкы эксперттери (айыл чарба, экономика, билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө);
“Кыргыз Республикасынын Агрардык өнөр жай комплексин ѳнүктүрүү ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору, ректор жок учурда ректордун орун басары.”.