Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 31-июлу № 182
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 128-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ишке катышуучу жактар сот жыйналышынын же айрым процесстик аракеттерди жүргүзүүнүн убактысы жана орду жөнүндө кабардар кылынат. Ишке катышуучу жактарды жана процесстин башка катышуучуларын сотко чакыруу төмөнкүдөй ыкмалардын бири менен жүргүзүлөт: СМС-билдирүү, билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси, телефонограмма, телеграмма аркылуу, факсимилдик байланыш, электрондук почта боюнча же сот тарабынан тиешелүү кабарлоонун жөнөтүлгөндүгүн жана дарек ээси тарабынан алынгандыгын жазууга мүмкүндүк берүүчү телекоммуникациялардын башка ушул сыяктуу формалары боюнча. Кабарлоонун сотто калуучу жана ишке тиркелүүчү көчүрмөсүндө кабарлоону берген адамдын фамилиясы жана кызмат орду, анын берилген датасы жана убактысы, ошондой эле аны кабыл алган адамдын фамилиясы жана кызмат орду көрсөтүлөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн ыкмаларды пайдалануу мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда кабарлоо соттун чакыруу каты менен жүзөгө ашырылат.";
б) 5-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
в) төмөнкүдөй мазмундагы 9-бөлүк менен толукталсын:
"9. Күбөлөрдү, эксперттерди, адистерди жана котормочуларды сотко чакыруу ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте да жүргүзүлүшү мүмкүн.";
2) 131-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:
"4) эгерде сотто кабарламаларды СМС-билдирүү, билдирүүлөрдү кепилденген жеткирүү сервиси, телефонограмма, телеграмма аркылуу, факсимилдик байланыш же электрондук почта боюнча, же болбосо сот тарабынан тиешелүү кабарлоонун жөнөтүлгөндүгүн жана дарек ээси тарабынан алынгандыгын жазууга мүмкүндүк берүүчү телекоммуникациялардын башка каражаттарын же формаларын пайдалануу менен жөнөтүлгөндүгү жөнүндө маалыматтар болсо.";
3) 134-берененин 2-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) доогердин аталышы, почта дареги, мобилдик телефонунун номери, ошондой эле банктык реквизиттери, электрондук почта дареги (эгерде булар бар болсо) жана анын жашаган жери же, эгерде доогер юридикалык жак болуп саналса, анын жайгашкан жери, ошондой эле, эгерде арызды өкүл берсе, өкүлдүн аталышы, мобилдик телефонунун номери, электрондук почта дареги (эгерде булар бар болсо) жана анын дареги;
3) жоопкердин аталышы, анын почта дареги, мобилдик телефонунун номери, банктык реквизиттери жана электрондук почта дареги же анын өкүлүнүн электрондук почта дареги жана мобилдик телефонунун номери, эгер булар доогерге белгилүү болсо, анын жашаган жери же, эгерде жоопкер юридикалык жак болуп саналса, анын жайгашкан жери;";
4) 257-берененин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда "телефон" деген сөз "мобилдик телефон" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5) 325-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда "телефон" деген сөз "мобилдик телефон" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6) 354-берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда "телефон" деген сөз "мобилдик телефон" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 5-августундагы № 58 (3714) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 18-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |