Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 11-августу № 196
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
109-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"109-берене. Порнографиялык мүнөздөгү предметтерди жайылтуу
Порнографиялык мүнөздөгү чыгармаларды, басылмаларды, сүрөттөрдү, аудиоматериалдарды же башка предметтерди сатууну максат кылбастан даярдоо, көрсөтүү, сактоо же жарнамалоо, же мындай предметтерди башка жолдор менен жайылтуу, анын ичинде Интернет тармагы аркылуу жайылтуу -
жеке адамдар үчүн 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактар үчүн 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 25-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |