Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 9-октябры № 2415-VII
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын экономика тармагын жана калкын 2024-2025-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине төмөнкүлөр сунушталсын:
- Токтогул ГЭСтеринин каскадында авариялык кырдаалга жол бербөө максатында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн опуртал деңгээлге чейин түшүп кетпөөсү үчүн тийиштүү чараларды көрсүн;
- Токтогул ГЭСнин № 1 гидроагрегатын реконструкциялоо иштерин өз убагында сапаттуу аткарууну жана ишке киргизүүнү камсыз кылсын;
- 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилинен чыгуу үчүн пландалган бардык капиталдык жана учурдагы оңдоо иштерин 100%га аяктасын жана авариялык кырдаалдарга жол берилбесин;
- Кыргыз Республикасынын энерготутумунда электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун (ЭКЭАТ) орнотуу боюнча бардык пландарды ишке ашырууну тездетсин жана күчөтсүн;
- 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилинде энерготутумдун туруктуу иштешин жана республиканын экономика тармактарын жана калкын электр, жылуулук энергиясы жана жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну камсыз кылсын жана негизсиз өчүрүүлөргө жол бербесин;
- керектөөчүлөрдү сапаттуу жана туруктуу баадагы көмүр менен камсыз кылуу үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрсүн;
- пайдаланылган электр, жылуулук энергиясына жана жаратылыш газына бюджеттик мекемелердин дебитордук карызынын жаралышына жол бербесин;
- Бишкек шаарынын ЖЭБине көмүр ташуу үчүн зарыл болгон санда жарым вагондорду өз убагында камсыз кылсын;
- Дыйкан - Кара-Кече автожолунун 0-2,8 км участогуна асфальт төшөө иштерин долбоордун алкагында ишке берүү үчүн тиешелүү чараларды көрсүн;
- оор жүк ташууда жолдун төшөлмөсүнө оордук келтирбөө максатында салмак-тыш өлчөм чендерине контролду күчөтсүн;
- Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунда жана Бишкек шаарынын айланасында кыш чыгаруу менен алектенген заводдор отун жаккан учурда зыяндуу чыгындылардын деңгээлин төмөндөтүү үчүн заманбап атайын чыпкаларды жана күлдү кармап калуучу жабдууларды орнотуу боюнча чараларды көрсүн;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жаратылыш газынын запастары бар жерлерди өздөштүрүү боюнча атайын программаны иштеп чыксын жана аны жүзөгө ашырсын;
- "Газпром Кыргызстан" ЖЧКнын инвестициялык программасын керектөөчүлөрдүн учурдагы суроо-талаптарын эске алуу менен кайрадан иштеп чыксын;
- калктуу конуштарга газ түтүктөрүн өткөрүүдө жергиликтүү тургундарды газдаштыруунун бардык этабы боюнча маалымат менен камсыз кылсын;
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү газдаштыруу боюнча жеңилдетилген каржылоонун көлөмүн көбөйтсүн жана пайыздык төлөмдөрүн төмөндөтүү боюнча тиешелүү иш-чараларды күчөтсүн;
- Бишкек шаарынын Эне-Сай, Ак-Босого, Арча-Бешик (69 Га) калктуу конуштарында жана Чүй облусунун Селекция айылында газдаштыруу үчүн долбоорлоо-изилдөө иштерин кыска мөөнөттө жүзөгө ашырсын;
- Камбар-Ата-2 ГЭСинде аткарылбаган иштер үчүн которулган 11,0 млн. сом боюнча текшерүү жүргүзүү жана укуктук баа берүү тиешелүү укук коргоо органдарына тапшырылсын;
- "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасынын "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун алдындагы карызын жоюу жөнүндө маселени чечсин.
3. Ушул токтомду аткаруунун жүрүшү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине ар квартал сайын маалымат берилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетине жүктөлсүн.
Төраганын орун басары |
| Н.О. Сыдыгалиев |