Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 31-июлу № 177
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 26-майы, № 42) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 4-беренеде:
а) төмөнкүдөй мазмундагы 14-1-пункт менен толукталсын:
"14-1) Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын куруунун, реконструкциялоонун, оңдоонун сметалык паркын эсептөө методикасы - жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана негизги материалдардын рыноктук наркына мониторинг жүргүзүүгө негизделген эрежелердин жана жол-жоболордун жыйындысы;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 36-пункт менен толукталсын:
"36) эксперименттик долбоор - даярдоочу заводдордун маалыматтарына жана/же башка өлкөлөрдө мурда ишке ашырылган долбоорлорго негизделген болжолдуу сметалык наркын камтыган, автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын курууда, реконструкциялоодо, оңдоодо жаңы технологияны, жаны материалды же жаны жабдууну колдонуунун сыпаттамасы.";
2) 25-беренеде:
а) 4-бөлүк төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"4. Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын куруу, реконструкциялоо, оңдоо үчүн иштелип чыккан долбоордук документтер, долбоорлонуп жаткан автомобиль жолунун курулушу жана реконструкциясы үчүн зарыл болгон материалдарга кетүүчү финансылык чыгымдарды, алардын рыноктук баасын, жумуштардын наркын эске алуу менен, ошондой эле долбоорлонуп жаткан автомобиль жолун бойлоп кетүүчү электр байланыш операторунун инженердик-техникалык инфратүзүмүн жайгаштырууну камсыз кылуу боюнча чараларды камтууга тийиш.
Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын курууда, реконструкциялоодо, оңдоодо алдын ала финансылык чыгымдарды эсептөө методикасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аныкталат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген учурларда жана тартипте автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын куруу, реконструкциялоо, оңдоо үчүн иштелип чыккан долбоордук документтер эксперименттик долбоорду ишке киргизүү боюнча чараларды, атап айтканда, башка мамлекеттердин тажрыйбасын эске алуу менен автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын курууда, реконструкциялоодо, оңдоодо жаны ыкмаларды, технологияларды жана материалдарды ишке киргизүү боюнча чараларды камтууга тийиш.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын:
"4-1. Долбоордук документтерде көрсөтүлгөн, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда экспертизадан өткөн долбоордук чечимдер жана финансылык чыгымдар мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө тиешелүү бааларды белгилөө үчүн негиз болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган учурларда гана кайра каралышы мүмкүн.
Автомобиль жолун жана жол курулмаларын куруу, реконструкциялоо, оңдоо келишиминде көрсөтүлгөн нарктын жана долбоордук-сметалык документтерде аныкталган нарктын ортосундагы айырма 5 пайыздан ашпоого тийиш.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров | |
|
|
| |
2025-жылдын 26-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган | |