Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 21-августу № 512
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 “Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасында мектептик билим берүүнүн он эки жылдык түзүмүн этап-этабы менен киргизүү максатында, “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 64-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 201 “Коомдук саламаттык сактоо жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген “Жалпы билим берүү уюмдарындагы окутуу шарттарына жана аны уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар” санитардык-эпидемиологиялык эрежелеринде жана ченемдеринде:
– 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“3. Санитардык эрежелер долбоорлонуп, иштеп, курулуп жана кайрадан конструкцияланып, башталгыч жалпы, негизги жалпы, орто жалпы билим берүүнү жүзөгө ашырып жана жалпы билимдин жалпы билим берүүчү программаларынын деңгээлдерине ылайык билим берүү процессин жүзөгө ашырып жаткан жалпы билим берүү уюмдарына алардын менчигинин түрүнө жана формасына карабастан жайылтылат:
жалпы башталгыч билим берүү (мындан ары – билим берүүнүн 1-деңгээли);
жалпы негизги билим берүү (мындан ары – билим берүүнүн 2-деңгээли);
жалпы орто билим берүү (мындан ары – билим берүүнүн 3-деңгээли).”,
– 5-пунктта:
2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2) билим берүү программасы – конкреттүү бир деңгээлдеги, багыттагы, максаттарды, милдеттерди, пландаштырылган натыйжаларды, конкреттүү деңгээлдеги билим берүү процессин уюштурууну аныктоочу билим берүү мазмуну;”;
5-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“5) жалпы билим берүү – коомдо активдүү иштөө үчүн бул системанын деңгээлдерине шайкеш келүүчү жетиштүү билимди, жөндөмдү, практикалык көндүмдөрдү жана компетенцияларды камсыз кылуучу тарбиялоо жана окутуу системасы.”;
– 11-пунктта:
экинчи абзацтагы “тепкичинин” деген сөз “деңгээлинин” деген сөзгө алмаштырылсын;
үчүнчү абзацтагы “тепкичинин” деген сөз “деңгээлинин” деген сөзгө алмаштырылсын;
– 32-пункттагы “1–4” деген цифралар “1–6” деген цифраларга алмаштырылсын;
– 33-пункттагы “тепкичинин” деген сөз “деңгээлинин” деген сөзгө алмаштырылсын;
– 44-пунктта 1-таблицанын “Балдардын жашы” деген графасындагы “7” деген цифра “6” деген цифрага алмаштырылсын;
– 50-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“50. Китепкананын тиби жалпы билим берүү уюмунун түрүнө жана анын сыйымдуулугуна жараша болот. Китепкана жалпы билим берүү уюмдарында маалымдама-маалыматтык борбор катары колдонулат. Китепкананын (маалыматтык борбордун) аянтын бир окуучуга 0,6 м2 кем эмес эсепте алыш керек.”;
– 61-пункттагы “тепкичтериндеги” деген сөз “деңгээлдериндеги” деген сөзгө алмаштырылсын;
– 65-пункттагы “5–11” деген цифралар “5–12” деген цифраларга алмаштырылсын;
– 77-пункттагы “тепкичтин” деген сөз “деңгээлдин” деген сөзгө алмаштырылсын;
– 86-пункттагы ар кандай жөндөмөдөгү “тепкичи” деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “деңгээли” деген сөзгө алмаштырылсын;
– 160-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
– 161-пункттагы “11-” деген сөздөр “12-” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 163-пунктта:
үчүнчү абзацтагы “бир жумада 6 күн окуса” деген сөздөр алып салынсын;
төртүнчү абзацтагы “11-” деген сөздөр “12-” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 166-пункттагы ар кандай жөндөмөдөгү “тепкичи” деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү “деңгээли” деген сөзгө алмаштырылсын;
– 167-пункттагы “11-” деген сөздөр “12-” деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 170-пункттагы “1” деген цифрадан кийин “–2” деген сөздөр менен толукталсын;
– 171-пункттагы “1” деген цифрадан кийин “–2” деген сөздөр менен толукталсын;
– 177-пункттагы “тепкичинде” деген сөз “деңгээлинде” деген сөзгө алмаштырылсын;
– 178-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“178. Билим берүүнүн 1-деңгээлинин окуучуларын класстык комплекттөөдө аларды эки класстан түзүү оптималдуу болуп эсептелет: 2 жана 3-класстар (2+3), 2 жана 4-класстар (2+4). Окуучулардын чарчоосун алдын алуу үчүн бириктирилген (өзгөчө 4 жана 5) сабактардын убактысын 5–10 мүнөткө (дене тарбия сабагынан башка) кыскартуу зарыл. Класс-комплекттердин толушу 4-таблицага ылайык келиши керек.
4-таблица
Класс-комплекттердин толушу
Класс-комплекттерге бириктирилген класстар | Класс-комплектте окуган окуучулардын саны |
1+2 | 8–10 |
1+4 | 8–10 |
2+3 | 10–12 |
2+4 | 10–15 |
3+4 | 10–15 |
”.
– 180-пункттагы “11” деген цифралар “12” деген цифраларга алмаштырылсын;
– 183-пункттагы “11” деген цифралар “12” деген цифраларга алмаштырылсын;
– 184-пункттагы 5-таблицанын “Класстар” деген графасындагы “11” деген цифралар “12” деген цифраларга алмаштырылсын;
– 197-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын;
“197. Үй тапшырмалардын көлөмү (бардык сабактар боюнча) аны аткаруу үчүн кеткен убакыт төмөнкүдөн жогору болбош керек (астрономиялык саатта): 3-класста – 1,5 с., 4–5-класстарда – 2 с., 6–8-класстарда – 2,5 с., 9–12-класстарда – 3,5 саатка чейин.”;
– 199-пункттагы “11” деген цифралар “12” деген цифраларга алмаштырылсын;
– “Жалпы билим берүү уюмдарындагы окутуу шарттарына жана аны уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар” санитардык-эпидемиологиялык эрежелерине жана ченемдерине 1-тиркеме төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“ “Жалпы билим берүү уюмдарында окутуу шарттарына жана аны уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптардын” санитардык-эпидемиологиялык
эрежелерине жана ченемдерине
1-тиркеме
1. Сабактардын расписаниесине карата гигиеналык сунуштар
1. Заманбап илимий изилдөөлөр мектеп жашындагы балдардын акыл-эсинин иштөө жөндөмдүүлүгүнүн биоритмикалык оптимуму 10–12 саат аралыгына туура келээрин белгилеген. Ошол сааттарда организмдин эң аз психофизиологиялык күч жумшоосу менен материалды өздөштүрүүнүн эң жогорку натыйжалуулугу белгиленген.
2. Билим берүүнүн 1-деңгээлинин окуучулары үчүн сабактардын расписаниесинде негизги сабактар 2–3-сабактарда, ал эми 2, 3-деңгээлдин окуучулары үчүн – 2, 3, 4-сабактарда өткөрүлүшү керек.
3. Жуманын ичинде окуу сабактарынын кыйла көбүрөөк көлөмү шейшембиге жана (же) шаршембиге туура келгидей бөлүштүрүлүшү керек. Мектеп расписаниеси бул күндөрдө эң оор сабактарды же жуманын калган күндөрүнө караганда орто жана оңой өздөштүрүүчү сабактарды камтууга тийиш. Жаңы материалды баяндоо, контролдук иштер жуманын ортосундагы 2–4-сабактарга коюлушу керек.
4. Үйдө даярданууда көп убакытты талап кылган сабактар бир күнгө топтолбошу керек.
5. Дене тарбия сабактарын акыркы сабактарга коюу сунуш кылынат. Дене тарбия сабактарынан кийин жазуу тапшырмалары жана контролдук иштер өткөрүлбөйт.
6. Башталгыч, негизги жана чоң класстардын окуучулары үчүн сабактардын расписаниесин түзүүдө ушул тиркеменин 2–4-таблицаларына ылайык сабактардын татаалдык шкаласы колдонулат.
1-таблица
Бир жумалык билим берүү жүктөмүнүн максималдуу көлөмүнө карата гигиеналык талаптар
Класстар | Академиялык сааттардагы жол берилген максималдуу бир жумалык жүктөм | |
6 күндүк жумада, андан көп эмес | 5 күндүк жумада, андан көп эмес | |
1 | 21 | 21 |
2–4 | 23 | 23 |
5 | 29 | 28 |
6 | 30 | 29 |
7 | 32 | 30 |
8–9 | 33 | 30 |
10–12 | 34 | 30 |
2-таблица
1–6-класстар үчүн сабактардын татаалдыгынын шкаласы
Жалпы билим берүү сабактары | Баллдардын саны (татаалдык рангы) | ||
| 1–4-класс | 5-класс | 6-класс |
Математика | 8 | 10 | 13 |
Чет тили | 7 | 9 | 11 |
Кыргыз тили | 7 | 8 | 12 |
Орус тили | 7 | 8 | 12 |
Жаратылыш таануу | 6 | 7 | 8 |
География | – | – | 7 |
Информатика | 6 | 4 | 10 |
Жарандарды таануу | – | 6 | 9 |
Кыргыз (орус) адабияты | 5 | 4 | 6 |
Тарых | 4 | 5 | 8 |
Сүрөт | 3 | 3 | 3 |
Музыка | 3 | 2 | 1 |
Технология (эмгек, чийүү жана дизайн) | 2 | 4 | 3 |
Дене тарбия | 1 | 3 | 4 |
Жашоонун коопсуздугунун негиздери (ЖКН) | – | 1 | 2 |
3-таблица
7–9-класстарда өтүлүүчү сабактардын татаалдык шкаласы
Жалпы билим берүү сабактары | Баллдардын саны (татаалдык рангы) | ||
7-класс | 8-класс | 9-класс | |
Химия | 13 | 10 | 12 |
Геометрия | 12 | 10 | 8 |
Физика | 8 | 9 | 13 |
Алгебра | 10 | 9 | 7 |
Экономика | – | – | 11 |
Чет тили | 10 | 8 | 9 |
Биология | 7 | 7 | 7 |
Орус тили | 11 | 7 | 6 |
География | 6 | 6 | 5 |
Жарандарды таануу, коом таану | 9 | 5 | – |
Тарых | 6 | 8 | 10 |
Технология (эмгек, чийүү жана дизайн) | 2 | 1 | 4 |
Адабият | 4 | 4 | 7 |
Сүрөт | 1 | 3 | – |
Дене тарбия | 2 | 2 | 2 |
Экология | 3 | 6 | 1 |
Музыка | 1 | 1 | – |
Информатика | 4 | 7 | 7 |
Жашоонун коопсуздугунун негиздери (ЖКН) | 3 | 3 | 3 |
4-таблица
10–12-класстарда өтүлүүчү сабактардын татаалдык шкаласы
Жалпы билим берүү сабактары | Баллдардын саны (татаалдык рангы) |
Физика | 12 |
Геометрия, химия | 11 |
Алгебра | 10 |
Орус тили | 9 |
Адабият, чет тили | 8 |
Биология | 7 |
Информатика | 6 |
Тарых, коом таануу | 5 |
Астрономия | 4 |
География, экология | 3 |
Дене тарбия | 1 |
”.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |