Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 31-июлу № 183
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 4, 193-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
7-глава төмөнкүдөй мазмундагы 47-3-статья менен толукталсын:
"47-3-статья. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуулардын негизинде келип чыгуучу кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуулардын (мындан ары - МЖӨ жөнүндө макулдашуу) негизинде келип чыгуучу кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоону жергиликтүү каттоо органы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүзөгө ашырат.".
2-берене.
"Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2002-ж., № 4, 159-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-статья менен толукталсын:
"15-1-статья. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында муниципалдык менчик объекттерин берүү
1. Муниципалдык менчик объекттери мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында пайдаланууга же ижарага берилиши мүмкүн.
2. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуунун алкагында муниципалдык менчик объекттерин жеке өнөктөшкө пайдаланууга же ижарага берүү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык ижарага берилүүчү жер участогуна карата төлөнүүгө тийиш болгон жер салыгынын эки ставкасынын өлчөмүндө жеңилдетилген (бир жылга) ижара акысын белгилөө менен, тоорук өткөрбөстөн жүзөгө ашырылат. Ижара акысынын өлчөмү, аны төлөө тартиби жана мөөнөттөрү мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууда көрсөтүлүүгө тийиш.".
3-берене.
"Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 25-марты, № 25) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
6-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Балык чарбалык көлмөлөр же алардын участоктору балык чарбалык иштерди жүргүзүү максатында пайдаланууга, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча берилет.".
4-берене.
"Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 13-августу, № 87) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-беренеде:
а) 3-пункттун "а" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) МЖӨ долбоорунун сыпаттамасын (максаттары жана милдеттери, инвестициялардын болжолдуу суммасы жана МЖӨ долбоорун ишке ашыруу мөөнөтү);";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:
"18) МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасында МЖӨ механизмдерин өнүктүрүү жана МЖӨ долбоорлорун илгерилетүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме.";
2) 6-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жана ушул Мыйзамда белгиленген жол-жоболор менен аныкталат.";
3) 9-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. МЖӨ долбоорун демилгелөө мамлекеттик өнөктөш тарабынан МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кат жөнөтүү жолу менен, же болбосо кызыкдар жак тарабынан мамлекеттик өнөктөшкө жана МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга МЖӨ долбоорун ишке ашыруу ниети жөнүндө кат жөнөтүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
2. МЖӨ долбоорун ишке ашыруу ниети жөнүндө кат жөнөтүлгөндөн кийин мамлекеттик өнөктөш же кызыкдар жак МЖӨ долбоорун даярдоо баскычына өтөт.";
4) 10-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"МЖӨ долбоорлорун даярдоону каржылоо жана МЖӨнү өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен МЖӨ долбоорлорун даярдоо боюнча фондцор (мындан ары - Фонд) түзүлүшү мүмкүн.
МЖӨ долбоорлорун даярдоого багытталган Фонддун каражаттарынын орду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жеке өнөктөш тарабынан толтурулууга тийиш.";
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Мамлекеттик бюджет үчүн фискалдык тобокелдиктерге, анын ичинде тикелей жана шарттуу милдеттемелер маселелери боюнча конкурстук документтерди кароо жана макулдашуу конкурстук документтер алынган датадан тартып 30 календардык күндүн ичинде бюджеттик саясат боюнча мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.";
5) 11-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-берене. МЖӨ долбоорлору боюнча конкурсту өткөрүүнүн баскычтары
1. Жеке өнөктөштү тандоо конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан конкурсту өткөрүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Конкурс Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Конкурсту өткөрүү эрежелери менен аныкталган тартипте өткөрүлөт.
2. Конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп болжолдонгон инвестициялардын суммасы 100 млн. сомдон ашыкты түзгөн МЖӨ долбоорлоруна карата МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, же болбосо болжолдонгон инвестициялар 100 млн. сомго барабар же андан аз сумманы түзгөн МЖӨ долбоорлоруна карата иштин тиешелүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик өнөктөш (мындан ары - конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган) чыгат.
3. Болжолдонгон инвестициялардын суммасы 100 млн. сом жана андан ашык болгон МЖӨ долбоорлору боюнча конкурс ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү конкурсту өткөрүү эрежелеринде белгиленген жол-жоболорго ылайык квалификациялык тандоодон жана конкурстун жеңүүчүсүн тандоодон турган эки этаптуу метод менен жүзөгө ашырылат.
Болжолдонгон инвестициялардын суммасы 100 млн. сомго чейинки МЖӨ долбоорлору боюнча конкурс Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү конкурсту өткөрүү эрежелерине ылайык конкурстук сунуштарды квалификациялык критерийлер боюнча тандоону кошкондо бир этаптуу метод менен жүзөгө ашырылат.
4. Эгерде инвестициялардын суммасы 1 млрд. сомдон ашык болгон учурда, МЖӨ долбоору кызыкдар жак квалификациялык талаптарга ылайык келген шартта түз сүйлөшүүлөрдүн жол-жоболорун өткөрүү жолу менен ыйгарылышы мүмкүн.
МЖӨ долбоорун түз сүйлөшүүлөр жолу менен ыйгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.";
6) 12-берененин 1 жана 2-бөлүктөрү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Квалификациялык тандоо этабында конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган өзүнүн расмий веб-сайтында конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабын жарыялайт. Болжолдонгон инвестициялардын суммасы 100 млн. сомдон ашыкты түзгөн МЖӨ долбоорлоруна карата конкурс өткөрүлгөн учурда конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабы эл аралык ресурстарда да жарыяланышы мүмкүн.
2. Квалификациялык тандоого катышууга өтүнмөлөрдү чогултуу конкурстук комиссия тарабынан конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабында көрсөтүлгөн, бирок конкурска катышуу үчүн квалификациялык суроо-талап жарыяланган датадан тартып 30 календардык күндөн кем эмес жана 90 календардык күндөн ашык эмес мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөт.";
7) 13-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Техникалык жана финансылык сунуштарды камтыган конкурстук сунуштарды чогултуу конкурстук комиссия тарабынан конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабында көрсөтүлгөн, бирок квалификациялык тандоодон өткөн конкурстун катышуучуларына конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабы жана МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоору жиберилген датадан тартып 30 календардык күндөн кем эмес жана 90 календардык күндөн ашык эмес мөөнөттө жүргүзүлөт.";
8) 14-беренеде:
а) 14-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14) МЖӨ жөнүндө макулдашууну өзгөртүүнүн тартиби жана МЖӨ жөнүндө макулдашууну мөөнөтүнөн мурда токтотуунун негиздери;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 20-пункт менен толукталсын:
"20) форс-мажордук жагдайлар келип чыккан учурда тараптардын аракеттери.";
9) 15-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Консорциум жеңүүчү деп жарыяланган учурда МЖӨ жөнүндө макулдашууну түзүү мөөнөтү кошумча 40 календардык күнгө узартылышы мүмкүн.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
"4. МЖӨ долбоорун каржылоо максатында жеке өнөктөш жана/же долбоордук компания мамлекеттик өнөктөшкө кабарлоо менен банктык жана финансы-кредиттик уюмдар менен каржылоо жөнүндө макулдашууларды түзүүгө укуктуу.";
10) 18-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Жаңы инновациялык МЖӨ долбоорлорун пилоттук режимде пробациялоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган инновациялык иш жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын позициясына ылайык кызыкдар жакка МЖӨ долбоорун "долбоордук кум коргон" режиминде ишке ашыруу жөнүндө сунуш киргизе алат.";
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети МЖӨ долбоорун "долбоордук кум коргон" режиминде ишке ашыруу жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алган учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер МЖӨ долбоору боюнча мамлекеттик өнөктөштү аныктайт. МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик өнөктөш менен биргеликте кызыкдар жак менен тиешелүү макулдашууну түзөт.";
11) төмөнкүдөй мазмундагы 20-1-берене менен толукталсын:
"20-1-берене. МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган
МЖӨ механизмдерин өнүктүрүү, ошондой эле МЖӨ долбоорлорун натыйжалуу координациялоо максатында, МЖӨ долбоорлорун өнүктүрүү жана координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) МЖӨ чөйрөсүндө изилдөөлөрдү жүргүзүү;
2) эл аралык финансы институттарынын катышуусунда ишке ашырылуучу өзгөчө маанидеги МЖӨ долбоорлорун иштеп чыгууну координациялоо;
3) МЖӨ долбоорлорунун ишке ашырылышын баалоо, анын ичинде алардын максаттуу индикаторлоруна жетишүүсүнө мониторинг жүргүзүү;
4) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын, ишкерлердин жана кызыкдар жактардын мамлекеттик-жеке өнөктөштүк маселелери боюнча теориялык билимдеринин жана практикалык тажрыйбасынын деңгээлин жогорулатуу;
5) МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу органга караштуу МЖӨ долбоорлорун даярдоо тобун түзүү жана анын ишин координациялоо;
6) МЖӨ долбоорлорунун мамлекеттик реестрин жүргүзүү;
7) регионалдык өкүлчүлүктөрдү түзүү жана аларды координациялоо.".
5-берене.
"Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2022-жылдын 5-июлу, № 58) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
9-берене төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
"6-1) "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун жүзөгө ашырат;".
6-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Ушул Мыйзамдын күчү ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасында демилгеленген МЖӨнүн колдонуудагы долбоорлоруна карата МЖӨ долбоорлоруна көбүрөөк ыңгайлуу бөлүгүндө гана колдонула тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамдан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 26-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |