Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 19-августу № 503
Мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелери боюнча
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү административдик жол-жоболорду оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-сентябрындагы № 624 “Мамлекеттик мүлктү андан ары сатып алуу менен башкарууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү андан ары сатып алуу менен башкарууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:
– 21-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Документтер электрондук почта же башка байланыш каражаттары аркылуу санариптик форматта, анын ичинде башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан мындай документтерди алуу мүмкүнчүлүгү болсо, “Түндүк” электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу берилиши мүмкүн. Санариптик жана санариптештирилген документтерди берүү тартиби мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.”;
– жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемесинде:
1-пунктта:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– уюштуруу документтеринин белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;”;
сегизинчи абзацтагы “нотариус күбөлөндүргөн” деген сөздөр алып салынсын;
2-пункттун үчүнчү абзацындагы “нотариус күбөлөндүргөн” деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 168 “Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик менчикти конкурска коюп сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө жободо:
– 19-пункттун төртүнчү абзацындагы “нотариалдык күбөлөндүрүлгөн” деген сөздөр алып салынсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы 191-пункт менен толукталсын:
“191. Документтер электрондук почта же башка байланыш каражаттары аркылуу санариптик форматта, анын ичинде башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан мындай документтерди алуу мүмкүнчүлүгү болсо, “Түндүк” электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу берилиши мүмкүн. Санариптик жана санариптештирилген документтерди берүү тартиби мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.”;
– жогоруда аталган Жобонун тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы № 370 “Аукциондо сатуу жана кийинки сатып алуу ыкмалары менен мамлекеттик мүлктү менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кийинки сатып алуу менен ижарага берүү ыкмасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө жободо:
– 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Документтер электрондук почта же башка байланыш каражаттары аркылуу санариптик форматта, анын ичинде башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан мындай документтерди алуу мүмкүнчүлүгү болсо, “Түндүк” электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу берилиши мүмкүн. Санариптик жана санариптештирилген документтерди берүү тартиби мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.”;
– жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемесинде:
1-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– уюштуруу документтеринин белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;”;
алтынчы абзацтагы “нотариалдык күбөлөндүрүлгөн” деген сөздөр алып салынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жободо:
– 20-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“20. Аукционго катышуу үчүн арыз ээси маалыматтык билдирүүдө белгиленген мөөнөттө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкү документтерди берет:
1) мамлекеттик менчикте турган жер участогуна ижара келишимин түзүү укугуна аукционго катышууга арыз, ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча;
2) кепилдик төгүмдү төлөгөндүгү жөнүндө квитанция;
3) темир жол тармагын өнүктүрүүгө багытталган имараттарды, курулмаларды долбоорлоо, куруу жана аларды эксплуатациялоо үчүн жер участогу берилген учурда шаар куруу-архитектуралык документтер;
4) жеке жактар үчүн – Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү;
5) юридикалык жактар үчүн:
– юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
– уставдын жана уюмдаштыруучу келишимдин көчүрмөлөрү;
– салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (болсо);
– юридикалык жактын атынан чыгууга жана тийиштүү бүтүмдөрдү жасоого ыйгарым укук берген өкүлдүн атына ишеним кат;
6) эгер арыз юридикалык жактын жетекчиси (жеке аткаруу органы) тарабынан берилсе, жетекчиге ижара келишимин түзүүгө укук берген документ, ошондой эле анын кызматтык абалын күбөлөндүргөн документ талап кылынат;
7) эгер юридикалык жак тандалган коллегиалдуу аткаруучу орган тарабынан башкарылса жана ижара келишимин түзүүгө ушул органдын макулдугу жөнүндө документ – ижара келишимин түзүүгө органдын макулдугун тастыктаган тийиштүү чечим талап кылынат;
8) өкүлдүн ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү (аукционго катышуу үчүн каттоо учурунда түп нускасын жеке өзү берет);
9) ыйгарым укуктуу салык органынын учурдагы айда карызынын жоктугу жөнүндө маалымкаты.
Документтер санариптик форматта же болбосо башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан мындай документтерди алуу мүмкүнчүлүгү болсо, “Түндүк” электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу, ошондой эле нотариаттын бирдиктүү маалыматтык системасы аркылуу берилиши мүмкүн. Санариптик жана санариптештирилген документтерди берүү тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.”.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий гезитинин 2025-жылдын 22-августундагы № 63 (3719) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
Тиркеме
“Мамлекеттик менчикти конкурска коюп сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө жобого тиркеме
Коммерциялык же инвестициялык конкурсту даярдоо жана өткөрүү боюнча конкурстук комиссия
“____” __________20____-ж. ________________ ш.
Коммерциялык же инвестициялык
конкурска катышууга типтүү арыз
Арыз ээси:
юридикалык жактар үчүн_________________________________
(юридикалык жактын толук аталышы)
_______________________________________________________
(жетекчинин фамилиясы, аты, атасынын аты)
_______________________________________________________(юридикалык дареги, телефону, МФОнун а/э)
жеке жактар үчүн
_______________________________________________________
(фамилиясы, аты, атасынын аты)
_______________________________________________________
(паспорт маалыматтары, катталган жери)
мындан ары Талапкер деп аталып,
_________________________________________________ атынан
(фамилиясы, аты, атасынын аты, кызмат орду)
________________________________ негизинде иш алып барган
(документтин аталышы)
мамлекеттин менчигинде турган менчиктештирүү объектилерин сатуу боюнча коммерциялык же инвестициялык конкурска катышуу жөнүндө чечим кабыл алуу менен:
а) акциялардын саны ___________ даана, ал мамлекеттик үлүштүн _______ %ын түзөт
____________________________________________________________
_________________________________________________________________________________________________________ АК капиталынын
(акционердик коомдун аталышы, анын юридикалык дареги)
же
б) башка мүлктүн
____________________________________________________________
____________________________________________________________
(мүлктүн аталышы, анын негизги мүнөздөмөлөрү жана жайгашкан жери)
милдеттенет:
менчиктештирүү объектилерин сатуу боюнча конкурс өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө камтылган конкурстун шарттарын, ошондой эле Мамлекеттик мүлктү конкурска коюп сатуу ыкмасы менен менчиктештирүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө жободо белгиленген конкурс өткөрүү тартибин сактоого;
менчиктештирүү объектисине карата конкурстун шартында аныкталган милдеттемелерди өзүнө алууга;
конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган учурда конкурстун жыйынтыгы жөнүндө протокол бекитилген датадан тартып 10 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө Сатуучу менен сатып алуу-сатуу келишимин түзүүгө;
конкурстун жыйынтыгы боюнча белгиленген мүлктүн наркын Сатуучуга сатып алуу-сатуу келишиминде аныкталган мөөнөттөрдө төлөөгө;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Сатуучуга зарыл төлөмдөрдү төлөп берүүгө.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
юридикалык жак үчүн:
– уюштуруу документтеринин белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
– талапкердин арыз берилген датадан мурунку акыркы кварталга карата абал боюнча бардык деңгээлдеги бюджеттерге салык төлөмдөрү боюнча мөөнөтү өткөн карызы жоктугун ырастоочу салык инспекциясынын маалымкаты;
– юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
– баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик органдын баалуу кагаздарды каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн көчүрмөсү (акционердик коомдор үчүн);
жеке жактар үчүн – паспорт (арыз берүү учурунда талапкер өзү көрсөтөт).
Талапкердин (анын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн) колу
М.О.”.