Каракол шаардык кенеши
XXIX чакырылышынын VII сессиясы
ТОКТОМ
02-июль 2025-жыл №29-7/1
Каракол шаардык Кенешинин тѳрагасынын орун басарын шайлоо жѳнʏндѳ
Каракол шаардык Кенешинин тѳрагасынын орун басары А.Б. Бакаеванын, Каракол шаардык Кенешинин тѳрагасынын орун басары кызматынан кетʏʏ арызын жана депутат Ф.Ф.Виликовдун, Аскаров Нурдин Аскаровичти Каракол шаардык Кенешинин тѳрагасынын орун басары кызматына сунушун угуп жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын VII сессиясы
токтом кылат:
1. Бакаева Алина Бакаевнанын Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын тѳрагасынын орун басары кызматынан кетʏʏ арызы канааттандырылсын.
2. Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын тѳрагасынын орун басары болуп, депутат Аскаров Нурдин Аскарович шайлансын.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳлдʏ ѳзʏм жʏргʏзѳм.
Тѳраганын биринчи
орун басары Б.Ш.Курманов