Документке
Мурунку29.08.2025

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

XXIX чакырылышынын VII сессиясы

 

ТОКТОМ

02-июль 2025-жыл №29-7/2

Ж-2А зонасынын кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун тизмегине ѳзгѳртʏʏнʏ киргизʏʏ жѳнʏндѳ

 

Каракол шаарынын муниципалдык мʏлк башкармалыгынын башчысынын м.а. Т.К.Жумакадыровдун, Ж-2А зонасындагы жер тилкесин бир бѳлʏгʏн башкага которуу жѳнʏндѳгʏ, 2025-жылдын 27-майындагы, чыг:№01-11/279, катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын VII сессиясы,

токтом кылат:

 

1. Ж-2А зонасынын (пайдалануунун турлѳрʏ чектелген жана майда малды багууга уруксаат берилген, индивидуалдуу курулуш зонасы) уруксаат берилген кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине, тѳмѳнкʏ ѳзгѳртʏʏ киргизилсин: Каракол шаарындагы, Кузбаск №38 дарегинде жайгашкан, аянты 450,0 м2, болгон жер тилкеси, Ц-2 (жергиликтʏʏ маанидеги коммерциялык ишкердʏʏлʏк жана тейлѳѳ борборлорунун зонасы) зонасына которулсун.

2. Ысык-Кѳл регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:

-жогорудагы ѳзгѳртʏʏнʏ Каракол шаарында курулуш жана жерди пайдалануу Эрежелерине киргизсин;

-токтомдо кѳрсѳтʏлгѳн объекттин максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын.

3. У.А.Алиев, Каракол шаарында курулуш жана жерди пайдалануу Эрежелерин сактоону камсыз кылсын.

4. Токтом ММКларда жарыялансын.

5. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэрине жʏктѳлсʏн.

 

Тѳраганын биринчи орун басары Б.Ш. Курманов

Жаңы30.08.2025