Документке
Мурунку29.08.2025

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

XXIX чакырылышынын VII сессиясы

ТОКТОМ

02-июль 2025-жыл №29-7/7

Ж-1 зонасынын кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун тизмегине ѳзгѳртʏʏнʏ киргизʏʏ жѳнʏндѳ

 

Каракол шаарынын муниципалдык мʏлк башкармалыгынын башчысынын м.а. Т.К.Жумакадыровдун, Ж-1 зонасындагы жер тилкесин бир бѳлʏгʏн башкага которуу жѳнʏндѳгʏ, 2025-жылдын 27-майындагы, чыг:№01-11/279, катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын VII сессиясы,

токтом кылат:

 

1. Ж-1 зонасынын (жеке турак жай курулуш) уруксаат берилген кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги тʏрлѳрʏнʏн тизмегине, тѳмѳнкʏ ѳзгѳртʏʏ киргизилсин: Каракол шаары, Алышпаев/Жамансариев кѳчѳсʏ, №132а дарегинде жайгашкан, аянты 4855,0 м2 жер тилкесин, Ц-1 (шаардын борборунун коомдук, иштиктʏʏ жана коммерциялык активдʏʏлʏк зонасы) зонасына которулсун.

2. Ысык-Кѳл регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:

-жогорудагы ѳзгѳртʏʏнʏ Каракол шаарында курулуш жана жерди пайдалануу Эрежелерине киргизсин;

-токтомдо кѳрсѳтʏлгѳн объекттин максаттуу пайдаланылышын камсыз

кылсын.

3. М.М.Аскеров, Каракол шаарында курулуш жана жерди пайдалануу Эрежелерин сактоону жана берилген эскиздик долбооруна ылайык камсыз кылсын.

4. Токтом ММКларда жарыялансын.

5. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэрине жʏктѳлсʏн.

 

Тѳраганын биринчи

орун басары Б.Ш.Курманов

Жаңы30.08.2025