КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
XXIX чакырылышынын VII сессиясы
ТОКТОМ
02-июль 2025-жыл №29-7/8
Каракол шаардык Кенешинин 2023-жылдын 26-июнундагы №28-29/5 «Р-4 зонасында кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги уруксат берилген тʏрлѳрʏнʏн тизмесине ѳзгѳртʏʏлѳрдʏ киргизʏʏ жѳнʏндѳ» токтомун жокко чыгаруу жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын тургуну С.А.Жолочиевдин, 2025-жылдын 14-апрелиндеги, кир:№01-11/34, катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын VII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаардык Кенешинин, 2023-жылдын 26-июнундагы №28-29/5 «Р-4 зонасында кыймылсыз мʏлктʏ пайдалануунун негизги уруксат берилген тʏрлѳрʏнʏн тизмегине ѳзгѳртʏʏлѳрдʏ киргизʏʏ жѳнʏндѳ» токтому жокко чыксын.
2. Токтом ММКларда жарыялансын.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳраганын биринчи
орун басары Б.Ш.Курманов