Документке
Мурунку29.08.2025

Каракол шаардык Кенеши

 XXIX чакырылышынын VII сессиясы

                                               ТОКТОМ

   02-июль 2025-жыл  №29-7/9

                                                                                                                           

Окуу борборунун курууга жер тилкесин бѳлʏп берʏʏ жѳнʏндѳ

 

Каракол шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Р.Ж.Сагымбаевдин, 2025-жылдын 30-апрелиндеги, чыг:№01-17/1715, катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын VII сессиясы,

                                                    токтом кылат:

 

1.    Каракол шаарынын мэриясына, баңги заттарга каршы кʏрѳшʏʏ башкармалыгына учкучсуз учуучу аппараттардын операторлорун даярдоо ʏчʏн окуу борборун курууга, Каракол шаарынын Валиханов №91 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 17315,0 м2 жер тилкесин бѳлʏп берʏʏгѳ уруксат берилсин.

2.    Каракол шаарынын мэриясы, аянты 17315,0 м2 болгонжер тилкесин ѳткѳрʏп берʏʏ боюнча бардык зарыл болгон жол-жоболорду, Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарына ылайык алып барсын.

3.    Эгерде, окуу борбору ʏч жылдын ичинде башталып, беш жылда бʏтпѳсѳ, жалпы аянты 17315,0 м2 жер тилкеси бир тараптуу тартипте Каракол шаарынын муниципалдык менчигине Кыргыз Республикасынын аракеттеги Мыйзамдарына ылайык, кайтарылсын.

4.    Токтом ММКларда жарыялансын.

5.    Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

6.    Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэрине жʏктѳлсʏн.

 

Тѳраганын биринчи

орун басары Б.Ш.Курманов

Жаңы30.08.2025