КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
XXIX чакырылышынын VII сессиясы
ТОКТОМ
02-июль 2025-жыл №29-7/10
Искаков жана Элебаев атындагы кѳчѳлѳрʏнʏн аймагындагы жаңы конуштагы кѳчѳгѳ Адилет Байгазиевдин ысымын ыйгаруу жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын Искаков жана Элебаев атындагы кѳчѳлѳрʏнʏн аймагынын тургундарынын, кайрылуусун карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын VII сессиясы,
токтом кылат:
1. Искаков жана Элебаев атындагы кѳчѳлѳрʏнʏн аймагындагы жаңы конуштун тѳртʏнчʏ кѳчѳсʏнѳ, Адилет Байгазиевдин ысымы берилсин. (картага ылайык)
2. Демилгелʏʏ топ, бир айлык мѳѳнѳттѳ Адилет Байгазиев атындагы кѳчѳнʏн бурчтагы имараттарына, кѳчѳнʏн аталышындагы такталарды даярдоону жана бекитʏʏнʏ камсыз кылсын жана “Каракол шаарынын кѳчѳлѳрʏнѳ, аянттарына жана башка линиялык жергиликтʏʏ транспорттук обьектилерге ат коюу, кайра атоо жана жаңы аталыштарды ыйгаруу тартиби жѳнʏндѳ” Жобого ылайык, А.Байгазиев атындагы кѳчѳсʏнʏн кѳрктѳндʏрʏʏ жана жашылдандыруу иштерине активдʏʏ катышсын.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу Каракол шаардык Кеңешинин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳраганын биринчи
орун басары Б.Ш.Курманов