КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
XXIX чакырылышынын VII сессиясы
ТОКТОМ
02-июль 2025-жыл №29-7/11
Каракол шаарынын 2024-жылга жергиликтʏʏ бюджетинин аткарылышынын жыйынтыгы боюнча, 2025-жылдын башындагы эркин калдыктын бюджеттик каражаттарды бѳлʏштʏрʏʏ жана акча каражаттарын бѳлʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекованын, 2025-жылдын 3-июнундагы, чыг:№04-1/351, 2025-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен каражаттарды бѳлʏʏ жѳнʏндѳгʏ катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын VII сессиясы,
токтом кылат:
- Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекова,
Кыргыз Республикасынын, 2017-жылдын 28-апрелиндеги №70 «Мамлекеттик социалдык заказ жѳнʏндѳгʏ» Мыйзамын ишке ашыруу максатында, мурда каралган, 2024-жылга жергиликтʏʏ бюджеттин аткарылышынын жыйынтыгы менен, 2025-жылдын башындагы бош калдыгынын каражаттарынан 300 000 сом жана дене тарбия залын куруу ʏчʏн долбоорлук-сметалык документацияларды даярдоо ʏчʏн каралган акча каражатынын эсебинен 316 423 сом, жалпы, 616 423 сом ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражатын, Республикалык бюджетке максаттуу трансферттин калган бѳлʏгʏнѳ которуп берсин.
- Токтом ММКларда жарыялансын.
- Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу, Каракол шаардык Кенешинин экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳраганын биринчи
орун басары Б.Ш.Курманов