КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
XXIX чакырылышынын VII сессиясы
ТОКТОМ
02-июль 2025-жыл №29-7/12
Акча каражатын бѳлʏʏ жѳнʏндѳ
Мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана коомдук тейлѳѳ кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ысык-Кѳл областтык комитетинин тѳрагасы К.И.Алымбаевдин, 2025-жылдын 09-июнундагы, чыг:№01-16 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык Кенешинин экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын VII сессиясы,
токтом кылат:
- Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы Г.С.Толумбекова, 239 170 ( эки жʏз отуз тогуз миң бир жʏз жетимиш) сом ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражатын, Каракол шаардык Кеңешинин аппаратынын кызматкерлерине дарылануу жѳлѳк пулдарын, 2024-жылга жергиликтʏʏ бюджеттин аткарылышынын жыйынтыгы боюнча 2025-жылдын башындагы эркин калдыктын, мурда, МАИ постунун курулушун каржылоого бѳлʏнгѳн акча каражатынан, 159 800 (жʏз элʏʏ тогуз миң сегиз жʏз) миң сом жана Каракол шаарынын медицина кызматкерлерине каралган акча каражатынын эсебинен, 79 370 (жетимиш тогуз миң ʏч жʏз жетимиш) миң сом ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражаттарынан каржылап берсин.
- Каракол шаардык мэриясынын бухгалтери эсеп боюнча тѳлѳмдѳрдʏ жʏргʏзсʏн.
- Токтом ММКларда жарыялансын.
- Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестерине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл кылуу, Каракол шаардык Кенешинин экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын мэрине жʏктѳлсʏн.
Тѳраганын биринчи
орун басары Б.Ш.Курманов