ТоктомКүчүндө

Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 7-февралындагы № 16/3 «Ак-Тал айыл айылмагынын айылдык»клубуна«Дүйшеева Тамара Бейшебекованын ысымын берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 07.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги XVI сессиясы

2023-жылдын 7-февралы № 16/3

Ак-Тал айыл айылмагынын айылдык “клубуна” Дүйшеева Тамара Бейшебекованын ысымын берүү жөнүндө.

 

Дүйшөева Тамара Бейшебекованын жолдошунун кайрылуусунун негизинде, Ак-Тал айыл өкмөт башчысынын Р.Абышбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008 жылдын 19-августундагы №467 токтомуна ылайык Ак-Тал айылдык кенештин сессиясы  токтом кылат:

 

1. 2023-жылдын 4-фералындагы элдик жыйындын протоколунун негизинде Дүйшеева Тармара Бейшебековнанын жолдошу жана балдарынын кайрылуусу канаттандырылып, Ак-Тал айылындагы клубга Дүйшеева Тамара деген  ысымы ыйгарылсын.

2. Учурда жазалуучу  “Дүйшеева Тамара”  атындагы бала бакчанын документ иштерин бүткөрүүдө  жардам берүү жагы Дүйшөева Тамара Бейшебековнанын үй – бүлөсүнө сунушталсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы өтмөт башчысына тапшырылсын.

 

Кеңештин төрагасы:

 

Д. Алыбаев.