Редакцияот 30.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2025-жылдын 30-июлу № 169

 

2025-жылдын 26-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "2025-2030-жылдардагы көп тармактуу ишти колдоо фонду" программасын каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

 

1-берене.

2025-жылдын 26-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "2025-2030-жылдардагы көп тармактуу ишти колдоо фонду" программасын каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 1-августундагы № 57 (3713) жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2025-жылдын 26-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган