Редакцияот 07.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Тал айылдык Кеңешинин кезектеги XVI сессиясы

2023-жылдын 7-февралы № 16/6

 

Жаны ФАП имаратын курууга жер аянтын белгилөө жөнүндө

 

 

Ак-Тал аймагынын айылдык айыл өкмөт башчысы Р.Абышбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Тал айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:

1. Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган №5 ҮДТнун имараты жайгашкан жер аянттынан жаны ҮДТ салуу үчүн 0,1 га жер аянтты мыйзам чегинде бөлүнүп берилсин.

2. Жер тилкесин ажыратып берүү жана курулуш иштерин жүргүзүүгө айыл өкмөтүнө тийешелүү иш кагаздары мыйзам талабына ылайык жүргүзүлсүн.

3. Тийешелүү документтерин бүткөрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер, коммуналдык жана ӨК боюнча башкы адиске М.Молдалиевге милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылшын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Р.Абышбаевге милдеттендирилсин.

 

Кенештин төрагасы:

 

Д. Алыбаев