Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 26-августу № 527
Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагында жайгашкан жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын тилкелеринен Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылынын Чет-Булак тилкесине көчүрүлүүгө тийиш болгон жарандарды жайгаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 01-18/1736 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 37, 2025-жылдын 28-майындагы № 43 жана 2025-жылдын 29-майындагы № 44 токтомдорун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагынын Бужум айылында жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган, жалпы аянты 57,0 га жер тилкеси “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которулсун (трансформациялансын), анын ичинен:
– № 1328 (12,07 га), № 1325 (0,30 га), № 1324 (1,55 га), № 1323 (1,65 га), № 1342' (12,09 га), № 1335 (7,36 га), № 1336 (5,54 га), № 1337 (2,51 га), № 1340 (1,58 га), № 1338 (0,90 га), № 1334 (0,90 га), № 1333 (2,80 га), № 1332 (2,54 га), № 1327 (3,87 га), 1329 (0,34 га) контурлардагы 56 га – таштак жайыттар;
– № 1326 контурдагы 1,0 га – курулуш алдындагы жерлер.
2. Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
3) курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесине шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) жамгырдын жана кардын эриген сууларын коопсуз буруу системасынын иштешин, башкы планда жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана тиешелүү аймакта кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо боюнча колдонмону сактоону;
5) жеке каражаттардын эсебинен аймактын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштөөсүн жана өнүгүүсүн, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү уюштурууну;
6) Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинде тарыхый-маданий мурас объекттери аныкталган учурда аларды сактоону;
7) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинин аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын ченемдерине ылайык айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий гезитинин 2025-жылдын 29-августундагы № 65 (3721) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |