Редакцияот 24.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРИМДИК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2025-жылдын 24-январы № 21

 

“Мамлекеттик менчикти муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө”

Биримдик айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын III кезектеги сессиясынын Биримдик айыл аймагынын Кызыл-Сай айылында балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтылышын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесин, Кыргыз Республикасынын “жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” жөнүндө мыйзамынын 39-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы №405-токтом менен бекитилген “Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө” тартибинин 11-пунктунун 2-пунктчасын жетекчиликке алып Биримдик айылдык кеңеши талкуулап чыгып;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылында жайгашкан “Манас жатак лицей-интернатынын балансындагы Кызыл-Сай айылындагы идентификациялык коду 6-02-08-1002-0492 №283-чөйрө сызыгында жайгашкан 1,30 га жер участогун мамлекеттик менчиктен Биримдик айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык Биримдик айыл аймагынын Кызыл-Сай айылындагы мектепке чейин билим берүү мекемесинин толук кандуу иштеш үчүн зарыл болгон каражаттар жыл сайын Биримдик айыл өкмөтүнүн бюджетинде каралсын

3. Биримдик айыл өкмөтүнүн башчысы З.Эшенкуловго Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы №405-токтом менен бекитилген “Мамлекеттик мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп берүү тартибин бекитүү жөнүндө” тартибине ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.

4. Бул токтом жарыяга берилген күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрага

 

Бечелов Т. А.