Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 6-августу № 190
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (1), 14-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
төмөнкүдөй мазмундагы 36-2-глава менен толукталсын:
"36-2-глава. Аксакалдар сотторунун чечимдерине даттануу
318-4-берене. Аксакалдар сотторунун чечимдерине даттануу
1. Аксакалдар сотторунун чечимдери ушул Кодексте жана аксакалдар соту жөнүндө мыйзамдарда каралган тартипте сотко даттанылышы мүмкүн.
2. Аксакалдар сотунун чечими ага карата чечим чыгарылган адам же ишке катышкан башка кызыкдар жактар тарабынан, чечим чыгарылган күндөн тартып он күндүн ичинде даттанылат.
318-5-берене. Аксакалдар сотторунун чечимдерине даттануу боюнча иштердин сотко караштуулугу
Аксакалдар сотторунун чечимдерине даттануу боюнча иштер аксакалдар соту жайгашкан жердеги райондук (шаардык) сотко караштуу болот.
318-6-берене. Даттануунун формасы жана мазмуну
1. Даттануу жазуу жүзүндө берилет.
2. Даттанууда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) даттануу берилген соттун аталышы;
2) даттанууну берген жактын аталышы, анын жашаган жери, эгерде бар болсо телефондорунун, факсынын номерлери, электрондук почтасынын дареги, ал эми юридикалык жак үчүн - анын каттоо номери, жайгашкан жери жана башка реквизиттери;
3) аксакалдар сотунун даттанылып жаткан чечими;
4) даттануу берген жактын өтүнүчү;
5) даттанууга тиркелген документтердин тизмеги.
3. Даттанууга аны берген адам кол коёт. Өкүл тарабынан берилген даттанууга ишеним кат же өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастаган башка документ тиркелүүгө тийиш. Юридикалык жактын жетекчисинин колтамгасы мөөр менен ырасталат.
4. Даттануу берген жак ишке катышкан башка жактарга даттануунун жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрүн жиберет.
5. Даттанууга даттануунун жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрү ишке катышкан жактарга жиберилгендигинин далилдери тиркелүүгө тийиш.
318-7-берене. Аксакалдар сотторунун чечимдерине даттанууну кабыл алуу
1. Даттанууну сот өндүрүшүнө кабыл алуу даттануу сотко келип түшкөн күндөн тартып беш күндүн ичинде судья тарабынан жеке жүргүзүлөт. Даттанууну кабыл алуу жөнүндө судья ишти соттун жыйналышында териштирүүгө дайындоо, аны өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө аныктама чыгарат.
2. Ишке катышкан жактар сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө кабарланат. Кабарлоолор жана чакыруу каттары процесстин катышуучуларына алар ишке даярдануу жана сотко өз убагында келүү үчүн жетиштүү мөөнөткө ээ болгудай эсеп менен дарек ээсине тапшыруу жөнүндө кабарлаган тапшырык кат менен жөнөтүлөт. Кабарлоо жана чакыруу каты ишке катышкан тарап же башка адам көрсөткөн дарек боюнча жеткирилет. Эгерде сотко билдирилген даректе жаран иш жүзүндө жашабаса, кабарлоо же чакыруу каты анын иштеген жерине жөнөтүлүшү мүмкүн.
Юридикалык жак сот жыйналышынын же өзүнчө процесстик иш-аракетти өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө анын органы жайгашкан жери боюнча сот тарабынан кабарланат.
Сот ишке катышкан жактарды жана процесстин башка катышуучуларын коммуникативдик байланыштын жардамы менен, же болбосо сот тарабынан даректелген тиешелүү кабарлоонун жиберилгендигин жана алынгандыгын белгилөөгө мүмкүндүк берүүчү башка байланыш каражаттарын пайдалануу менен кабарлоого же чакырууга укуктуу. Мында берилген тексттин сотто калган жана ишке тиркелген көчүрмөсүндө бул текстти берген адамдын фамилиясы жана кызмат орду, аны берген күнү жана убактысы, ошондой эле аны кабыл алган адамдын фамилиясы жана кызмат орду көрсөтүлөт.
318-8-берене. Даттанууну кайтарып берүү. Даттанууну кароосуз калтыруу
1. Судья даттанууну жана ага тиркелген документтерди алар сотко келип түшкөн күндөн тартып беш күндүк мөөнөттө кайтарып берет, эгерде:
1) даттанууга кол коюлбаса же ага кол коюуга укугу жок адам кол койсо;
2) ишке катышкан жактарга даттануунун жана ага тиркелген документтердин көчүрмөлөрү жөнөтүлгөндүгүнүн же тапшырылгандыгынын далилдери берилбесе;
3) иш бул сотко караштуу болбосо;
4) даттанууну өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктама чыгарылганга чейин арыз ээсинен даттанууну кайтарып берүү жөнүндө арыз келип түшкөн болсо;
5) даттанууну берүү мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүч даттанууга тиркелбесе.
2. Сот даттанууну кайтарып берүү жөнүндө аныктама чыгарат. Даттанууну кайтарып берүү аны кайтарып берүү үчүн негиз болгон жагдайларды жойгондон кийин ошол эле талап менен сотко кайталап кайрылууга тоскоолдук кылбайт.
3. Сот даттанууну төмөнкү учурларда кароосуз калтырат, эгерде:
1) иш бул сотко караштуу болбосо;
2) даттануу талаптагыдай эмес арыз ээси тарабынан берилсе;
3) даттануу аракетке жөндөмсүз адам тарабынан берилсе;
4) даттануу кызыкдар жактын атынан берилсе жана ага кол коюуга жана сотко билдирүүгө ыйгарым укугу жок адам тарабынан кол коюлса.
4. Даттанууну кароосуз калтыруу жөнүндө сот аныктама чыгарат жана ал даттанылышы мүмкүн.
318-9-берене. Аксакалдар сотунун чечимдерине даттанууну кароо
1. Даттануу ал сотко келип түшкөн учурдан тартып отуз күндүн ичинде, аксакалдар сотунда ишти кароого катышкан адамдардын катышуусу менен сот тарабынан каралат.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн, сот жыйналышынын убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарландырылган жактардын кимдир бирөөсү сот жыйналышына келбей коюшу арызды кароого тоскоолдук болуп саналбайт.
3. Сот ишти кароодо өз алдынча талаптары бар тарап же үчүнчү жак болуп саналган жаран каза болгондугуна байланыштуу, ошондой эле тарап аракетке жөндөмсүз деп таанылгандыгына же аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдын мыйзамдуу өкүлүнүн жоктугуна байланыштуу аксакалдар сотунун даттанылуучу чечиминин аракетин токтотуп турууга укуктуу.
4. Сот даттанууда баяндалган жүйөлөр жана процесстин катышуучуларынын түшүндүрмөлөрү, берилген далилдер жана иште болгон башка материалдар менен чектелбестен, талашты туура чечүү үчүн аксакалдар сотунун даттанылуучу чечими боюнча иш жүзүндөгү жагдайларды изилдейт.
318-10-берене. Соттун ыйгарым укуктары
1. Сот даттанууну негиздүү деп таап, аксакалдар сотунун чечимин жокко чыгаруу жөнүндө аныктама чыгарат жана тарапка анын жалпы тартипте сотко кайрылууга болгон укугу жөнүндө түшүндүрөт.
2. Сот даттанууну негизсиз деп таап, же болбосо даттанууну берүү мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартуу менен, даттанууну канааттандыруудан баш тартат.
3. Даттанууну кароонун жыйынтыктары боюнча сот аныктама чыгарат.
4. Соттун аныктамасы ал чыгарылган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Соттун аныктамасы апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн. Апелляциялык инстанциядагы соттун аныктамасы акыркы болуп саналат жана даттанууга жатпайт.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 18-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |