Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясынын
2025-жылынын 2-апрели №9-1
«Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн
ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин “Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндө” 2015-жылдын 4-февралындагы Жобосун негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган айылдык кеңештин укук, мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, жаш өспүрүмдөргө татыктуу билим тарбия берүүдө, спорт тармагынын жана руханий жактан өнүгүшүнө зор салым кошкон төмөнкү жарандарга “Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын:
• Жороева Нургул Саламбековна - Талаа-Булак айылынын тургуну, №80 К. Төрөмаматов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалими;
• Икрамов Сүймөнкул Болотович -Кызыл-Сеңир айылынын тургуну, грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы Кыргыз Республикасынын спорт чебери.
2. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган
күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
А.Р.Алимов |
|