Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 532 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганстандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этникалык кыргыздарга жана кайрылмандарга колдоо көрсөтүү боюнча 2026–2029-жылдарга программасы
1-глава. Киришүү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганстандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этникалык кыргыздарга жана кайрылмандарга колдоо көрсөтүү боюнча 2026–2029-жылдарга программасы (мындан ары – Программа) “Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 4 “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө” жана 2025-жылдын 5-июнундагы № 178 “2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” жарлыктарына ылайык иштелип чыкты, алар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасына көчүп келип жаткан этникалык кыргыздарга жана кайрылмандарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүүгө, анын ичинде Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо максатында ыктыярдуу түрдө көчүп келүүнү каалаган (көчүп келген) жарандарды интеграциялоо боюнча комплекстүү чараларды иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө, маалыматтык өнөктүктөрдү кошкондо, көчүп келүүнүн жана адаптациялоонун, окутуунун бардык этаптарында колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле медициналык жактан тейлөөгө жеткиликтүүлүккө багытталган.
Бул Программа Кыргыз Республикасынын аймагында этникалык кыргыздарды кабыл алуунун жана легалдаштыруунун шарттарын түзүү боюнча мамлекеттик миграциялык саясатты ишке ашыруунун негизги чараларын аныктайт.
2-глава. Учурдагы кырдаалды талдоо
Кыргыз Республикасына көчүп келген этникалык кыргыздар укуктук статусун аныктоо жана жарандык алуу менен байланышкан кыйынчылыктарга дуушар болууда, мамлекеттик кепилдиктерди колдоно албай: жумушка орношо албай, медициналык тейлөөнү ж.б. пайдалана албай жатышат.
Бул Программаны ишке ашыруу этникалык кыргыздардын Кыргыз Республикасына көчүп келүүсүн тартипке келтирүүнү, катталуунун, жарандык алуунун жана документтештирүүнүн тартибин жөнөкөйлөштүрүү үчүн шарттарды түзүүнү, аларды жергиликтүү жамаатка социалдык-экономикалык адаптациялоонун шарттарын камсыз кылууну болжолдойт.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн талдоо көрсөткөндөй этникалык кыргыздардын саны жыл сайын кыскарууда. Алсак, эгерде 2000-жылдардын башында алардын саны болжол менен 5000 адам болсо, азыркы учурда Афганстандын аймагында болжол менен 1300 этникалык кыргыз жашайт. Мындай жагдай климаттык факторлордун өтө татаал шарттарында тышкы дүйнөдөн аларды географиялык, саясий жана социалдык обочолонтууга байланыштуу түзүлгөн. Муну менен катар этникалык кыргыздардын азыркы абалына элементардык деңгээлдеги билимдин, кандайдыр бир медициналык жана социалдык колдоонун жоктугу байкаларлык таасир берүүдө.
Деңиз деңгээлинен 4500–4700 метр бийиктикте жашагандыктан, этникалык кыргыздардын басымдуу бөлүгү көптөгөн адамдардын өнөкөт ооруларынын жана өлүмүнүн себеби болуп саналуучу аз кандуулук, муун оорулары, тубаса жүрөк кемтиги сыяктуу оорулардан жабыркай тургандыгын белгилей кетүү зарыл.
Этникалык кыргыздардын дээрлик көпчүлүгүндө (95 %) ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтери жок, бул алардын эркин жүрүү, зарыл болгон социалдык-экономикалык жардамды алуу укугун чектейт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мындан ары да этникалык кыргыздарды колдоого жана гуманитардык жардам көрсөтүүгө, Кыргыз Республикасында этникалык кыргыздардын балдарынын билим алуусу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган зарыл чараларды көрүүгө ниеттенет.
Этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү максатында 2008-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Афганстандын Кичи жана Чоң Памирине гуманитардык экспедиция жиберилет, анын алкагында гуманитардык жүк жеткирилет жана жеринде медициналык жардам көрсөтүлөт.
Мындан тышкары этникалык кыргыздардын балдарын окутуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2017-жылдан баштап Афганстандын Кичи жана Чоң Памиринин аймагынан 172 этникалык кыргызды Кыргыз Республикасына көчүрүп келүүнү уюштуруу боюнча чаралар жүзөгө ашырылган, алар азыркы убакта Кыргыз Республикасынын Ош облусунун аймагына жайгаштырылган. Аларды жайгаштыруу үчүн 23 үй курулуп, 36 үй-бүлө жайгаштырылды.
Муну менен бирге ушул Программада каралуучу бир катар проблемалар бар. Тактап айтканда көчүрүп келүү процессин тартипке келтирүү жана этникалык кыргыздарды жайгаштыруу үчүн шарттарды түзүү, маалымдуулук деңгээлин жогорулатуу, этникалык кыргыздарга жана кайрылмандарга жардам жана социалдык колдоону камсыз кылуу маселелерин андан ары чечүү.
Ошондой эле, Афганстандын аймагында жашаган этникалык кыргыздарды социалдык жактан колдоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен, Афганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этникалык кыргыздар үчүн сапаттуу билим алууга, алардын эне тилин жана маданий өзгөчөлүгүн сактап калуу, ошондой эле балдардын билим алууга даярдыгынын деңгээлин жогорулатууга багытталган жалпы билим берүү мектебин куруу демилгесин ишке ашыруу пландалууда. Мектеп этникалык кыргыздардын келечектеги муундарынын ар тараптуу өнүгүшү үчүн зарыл болгон шарттарды түзөт, гуманитардык байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзөт жана Афганстандагы этникалык кыргыздарды колдоо боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууда маанилүү кадам болуп саналат.
3-глава. Программанын максаты
Бул Программанын максаты – этникалык кыргыздарга колдоо жана гуманитардык жардам көрсөтүү, ошондой эле алардын медициналык-санитардык жардамды алуусуна, Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында билим алуусуна, окутуу процессинде жагымдуу шарттарды түзүүгө, жергиликтүү коомчулукка социалдык-экономикалык интеграциясына багытталган чараларды уюштуруу.
Ошондой эле, Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык медициналык жардам көрсөтүү.
4-глава. Өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары
Бул Программа төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ:
– этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасына көчүрүү процессин жөнгө салуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясаттын негизин укуктук регламенттөө;
– маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
– Кыргыз Республикасына көчүп келген этникалык кыргыздарга жана кайрылмандарга колдоо жана жардам көрсөтүү.
Бул Программаны ишке ашыруу төмөнкүдөй милдеттерди чечүү аркылуу жүзөгө ашырылат:
1) этникалык кыргыздарды Кыргыз Республикасына көчүрүү процессин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
2) этникалык кыргыздар жана кайрылмандар арасында документтештирүү жана билим алуу мүмкүнчүлүктөрү маселелери боюнча маалымат берүү жана маалымдуулукту жогорулатуу аркылуу маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
3) Кыргыз Республикасына туруктуу жашоо үчүн көчүп келген этникалык кыргыздарды социалдык-экономикалык жактан колдоону камсыз кылуу аркылуу Кыргыз Республикасына көчүп келген этникалык кыргыздарды жана кайрылмандарды коргоо жана жардам көрсөтүү системасын уюштуруу жана өнүктүрүү.
Бул Программаны натыйжалуу ишке ашыруу үчүн төмөнкү чаралар зарыл:
1) 1-милдетти ишке ашыруу боюнча:
– Кайрылман статусун берүү тартиби жөнүндө жобого кайрылман күбөлүгүнүн колдонуу мөөнөттөрүнө тиешелүү ченемдер жана жоболор бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү;
– эл аралык документтердин ченемдерин изилдөө жана этникалык кыргыздардын Кыргыз Республикасына көчүп келүү процессин уюштуруу маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
– эл аралык тажрыйбаны изилдөө жолу менен Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздардын санын аныктоо маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
2) 2-милдетти ишке ашыруу боюнча:
– маалыматтык-түшүндүрүү иштеринин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу;
– этникалык кыргыздардын жана кайрылмандардын сабатсыздыгын жоюу;
3) 3-милдетти ишке ашыруу боюнча:
– этникалык кыргыздарга жана кайрылмандарга кызмат көрсөтүү боюнча чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу;
– кайрылмандарга социалдык колдоону камсыз кылуу;
– этникалык кыргыздардын жана кайрылмандардын билим алуу укуктарын камсыз кылуу;
– Афганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык экспедиция жөнөтүү жолу менен гуманитардык жардам көрсөтүү;
– этникалык кыргыздарды жана кайрылмандарды жумуш менен камсыздоого көмөктөшүү;
– Кыргыз Республикасына көчүп келген этникалык кыргыздар жана кайрылмандар менен жергиликтүү калктын ортосундагы мүмкүн болгон жаңжалдардын алдын алуу;
– Кыргыз Республикасына келген этникалык кыргыздарды кабыл алуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.
5-глава. Күтүлгөн натыйжалар
Бул Программаны ишке ашыруу төмөнкүдөй натыйжаларды алууга мүмкүндүк берет:
– этникалык кыргыздардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу;
– этникалык кыргыздарды социалдык-экономикалык жактан колдоону камсыз кылуу;
– этникалык кыргыздардын сабатсыздыгын аларды Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарында окутууну уюштуруу жолу менен азайтуу;
– алар Кыргыз Республикасынын аймагында болгон мезгилде кайрылман статусун өз убагында берүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык социалдык кепилдиктерди камсыз кылуу;
– этникалык кыргыздарга маалыматтык-консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу;
– Кыргыз Республикасына көчүп келген этникалык кыргыздардын жергиликтүү коомчулукка көнүүсү жана жуурулушуусу;
– мүмкүн болуучу коомдук чыр-чатактардын алдын алуу жана болтурбоо.
6-глава. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
Ушул Программаны ишке ашуруу үчүн маанилүү факторлор болуп алардын Кыргыз Республикасынын аймагында болгон мезгилинде адам укуктарын сактоо принцибинин негизинде мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык социалдык кепилдиктерди камсыздоо эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 4 “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө” Жарлыгы жагымдуу факторлорго кирет, ал этникалык кыргыздарды укуктук колдоого, анын ичинде коомго жуурулушуусу, билим алуусу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган.
Ошол эле учурда, оң факторлор менен бирге ушул Программаны ишке ашырууга таасирин тийгизиши мүмкүн болгон төмөнкүдөй тобокелдиктер да бар:
– ишке тартылган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын этникалык кыргыздарды колдоо боюнча чараларды ишке ашырууга жетишсиз катышуусу жана формалдуу мамиле кылуусу;
– мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын ортосунда байланыштын деңгээлинин жетишсиздиги.
Белгиленген тобокелдиктерди жеңүү максатында Программаны ишке ашыруу процессинде Иш-чаралар планынын аткарылышын контролдоону күчөтүү, Программанын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо, зарылдыгына жараша Программанын иш-чараларын талдоо жана түзөтүүлөрдү киргизүү каралат.
7-глава. Программаны финансылык камсыздоо
Ушул Программаны ишке ашырууга тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү жылга бекитилген бюджеттеринин чегинде республикалык бюджеттен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен ушул Программаны каржылоо жүзөгө ашырылат.
Алдын ала финансылык-экономикалык эсептөөлөргө ылайык ушул Программаны ишке ашыруу үчүн 2026–2029-жылдарга бардыгы 57 200 000 (элүү жети миллион эки жүз миң) сом талап кылынат. Көрсөтүлгөн сумманын алкагында 2026-жылга 18 200 000 (он сегиз миллион эки жүз миң) сом талап кылынат. 2027-жылдан тартып 2029-жылга чейин жыл сайын 13 000 000 (он үч миллион) сом талап кылынат.
Белгилей кетүү керек, Афганистандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган этникалык кыргыздар үчүн жалпы билим берүү мектебин куруу боюнча демилге Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген булактардын эсебинен ишке ашырылат, анын суммасы алдын ала финансылык-экономикалык эсептөөлөр боюнча 250 000 000 (эки жүз элүү миллион) сомду түзөт.
8-глава. Программага мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Ушул Программанын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү Иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча маалыматтардын жана пландалган натыйжалардын негизинде үзгүлтүксүз жүзөгө ашырылат жана аны ишке ашырууда прогрессти көзөмөлдөөнүн натыйжалуу инструменти болуп эсептелет.
Ушул Программанын натыйжалуулугу миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан туруктуу мониторинг жүргүзүү жолу менен аныкталат.
Акыркы натыйжалар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан күтүлүүчү натыйжаларды жана ушул Программаны ишке ашыруу индикаторлорун, ошондой эле ишке тартылган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилген маалыматтарды салыштыруу аркылуу көзөмөлдөнөт.
Ушул Программа Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Афганстандын Кичи жана Чоң Памиринен келип жаткан этникалык кыргыздарга жана кайрылмандарга колдоо көрсөтүү боюнча 2026–2029-жылдарга программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык жүзөгө ашырылат.