Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 28-августу № 742-т
Экономика тармактарын жана калкты электр, жылуулук энергиясы жана отун ресурстары менен камсыз кылуу, республиканын мамлекеттик органдарын жана региондорун күз-кыш мезгилинен өтүүгө өз убагында даярдоо максатында,“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-июнундагы № 312-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– жогоруда көрсөтүлгөн тескеменин 1-тиркемеси ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
Тиркеме
“1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын экономика
тармактарын жана калкын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын курамы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын энергетика маселелерин тейлеген орун басары, Штабдын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын энергетика министри, Штабдын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын финансы министри, Штабдын төрагасынын орун басары.
Штабдын мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын агартуу министри;
Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;
Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
Кыргыз Республикасынын курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын биринчи орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын директору;
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматтын директору;
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору;
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын директору;
Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменттин директору;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;
Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
Ош шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);
“Кыргызкөмүр” ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
“Электр станциялары” ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
“Кыргызстан улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
“Чакан ГЭС” ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
“Кыргыз энергетикалык эсеп борбору” ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
“Газпром Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
“Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын жылуулук менен камсыздоочу ишканаларынын жетекчилери (макулдашуу боюнча).”.