Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 17-июлу № 148
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 1, 1-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
63-статьянын 3-пунктунда:
а) үчүнчү жана төртүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- атасынын ысымы боюнча эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" деген сөз жана аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деген сөз кошулуп же ал кошулбастан жазылат. Бул учурларда балага атасынын аты ыйгарылбайт;
- чоң атасынын ысымы боюнча ага мүчө уланбастан жазылат, ошондой эле ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын ысымы кошулушу мүмкүн;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- чоң атасынын ысымы боюнча ага "тегин" деген сөз кошулуп жазылат, ошондой эле ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын ысымы кошулушу мүмкүн, же болбосо атасынын ысымына эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" деген сөз, аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деген сөз кошулуп жазылат. Түздөн-түз туугандык байланышын тастыктоочу документтери болгондо же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын архивинде алар болсо, ата-энесинин каалоосу боюнча балага жети атасына чейинки ата-бабаларынын аты боюнча фамилия берилиши мүмкүн.".
2-берене.
"Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити, 2020-жылдын 7-августу, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
17-берененин 7-бөлүгүндө:
а) 1 жана 2-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) атасынын ысымы боюнча эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" деген сөз жана аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деген сөз кошулуп же ал кошулбастан жазылат. Бул учурларда балага атасынын аты ыйгарылбайт;
2) чоң атасынын ысымы боюнча ага мүчө уланбастан жазылат, ошондой эле ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын ысымы кошулушу мүмкүн;";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:
"3) чоң атасынын ысымы боюнча ага "тегин" деген сөз кошулуп жазылат, ошондой эле ата-энесинин каалоосу боюнча атасынын ысымы кошулушу мүмкүн, же болбосо атасынын ысымына эркек жынысындагы балдар үчүн "уулу" деген сөз, аял жынысындагы балдар үчүн "кызы" деген сөз кошулуп жазылат. Түздөн-түз туугандык байланышын тастыктоочу документтери болгондо же ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын архивинде алар болсо, ата-энесинин каалоосу боюнча балага жети атасына чейинки ата-бабаларынын аты боюнча фамилия берилиши мүмкүн.".
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 22-июлундагы № 54 (3710) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 11-июнунда |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |