Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясынын
2025-жылынын 2-апрели №9-2
«Акчалуу айылындагы негизги көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы №67 “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Акчалуу айылынын негизги көчөсүнө Тайлаков Эрматтын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү айылдык кеңештин укук, мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколун негиздеп жана сунушун талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акчалуу айылынын негизги көчөсүнө Тайлаков Эрматтын ысымы ыйгарылсын.
2.Мындан ары жогорудагы белгиленген көчө Тайлаков Эрмат атындагы көчө деп аталсын.
3.Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жергелеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык символикасы белгиленсин.
4.Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
А.Р.Алимов |
|