Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IХ сессиясынын
2025-жылынын 2-апрели №9-4
«Жаңы-Ачы айылындагы № 83 З. Жамашев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин типтүү имаратын курууга макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 17-мартындагы № 20 сандуу сунуш катынын негизинде, айылдык кеңештин маданият, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколун негиздеп жана сунушун талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Жаңы-Ачы айылындагы № 83 З.Жамашев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин типтүү имаратын курууга макулдук берилсин.
2. Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн
тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
А.Р.Алимов |
|