Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-февралы № 12/IV
“2025-жылга Жайылма айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө”
«2025-жылга бюджетти бекитүү жөнүндө, ФЭОнун башчысы З.Б. Акаеванын маалыматтын угуп, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 102-беренесине ылайык, 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин сунушталган долбоорун карап, талкуулап, пикир алмашып
Жайылма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайылма айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджети 78744,6 миң сом, анын ичинде атайын эсеп 8000,0 миң сом суммасында бекитилсин.
2. 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 1-тиркемеге ылайык киреше булактары боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлөт. 2-тиркемеге ылайык чыгымдарды каржылоого каражаттарды белгилөө.
3. Чыгымдарды каржылоо иш жүзүндө алынган кирешелердин чегинде, мында биринчи кезекте корголгон беренелер (эмгек акы, соц төгүмдөрү) боюнча жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин Чыгашалардын корголгон беренелери штаттык сандагы бош орундарга байланыштуу азайтылышы мүмкүн.
4. Айыл өкмөт башчысынын резервдик фонду 1350,0 миң сом өлчөмүндө түзүлсүн
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджеттик туруктуу комиссиясына жана ФЭОнун башчысы З. Б. Акаевага жүктөлсүн.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
| К. М. Жонгучкаев |