Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-февралы № 13/IV
“Жэр мунапыс объектилери болуп саналган калктуу конуштардагы жер участокторунун аянтын чектөөнү бекитүү”
2022-жылдын 1-апрелиндеги №21 сандуу “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы № 291 токтому менен бекитилген “Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 18-пунктунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген “Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө” жобонун 18-пунктунун негизинде, Жайылма айыл аймагындагы жер мунапысынын объектиси болгон калктуу конуштарда жайгашкан буга чейин ээлеп келген турак-жайларга тиешелүү жер тилкелерин бекитип берүү максатында, Жайылма айылдык Кеңеши
Токтом кылат:
1. Жайылма айыл аймагынын аймагындагы калктуу конуштарда жайгашкан жер мунапыс объектилери болуп саналган турак жай үйлөргө тиешелүү жер тилкелерин бекитүүдө, бекитилип берилип жаткан жер тилкенин жалпы аянты 3000 м.кв. ашпаган өлчөмдө чектөө киргизилсин.
2. Жайылма айыл өкмөтүнүн чечими чыккандан кийин, жер тилкелерине менчик укугу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин ысык-Ата филиялында 30(отуз) күн ичинде мыйзамда бекитилген тартипте катталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын өзүм көзөмөлдөйм.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
| К. М. Жонгучкаев |